У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров электр энергиясына болгон чектөө май айында алынат деп убада берди

 
Президенттин милдеттин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров электр энергиясына болгон 700 киловаттык чектөө 2021-жылдын май айынан баштап алынарын бүгүн, 9-ноябрда Нарын эли менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.    
 
Нарын шаарынын тургундары электр энергиясына болгон баанын кымбат экенин айтышып, энергияга болгон чектөөнү алуу туурасында өкмөт башчыга суроо менен кайрылышты. 
 
Электр энергиясына болгон чектөөнү азыр деле алып салса боло турганын, бирок азыр баа арзандаса, кышында эл электр энергияны үнөмдөбөй, электр жабдыктарына күч келип, жабдыктар жогорку чыӊалууга туруштук бере албай калышы мүмкүн экенин айтты.
 
«Сиздер 30 жыл чыдап келдиӊиздер, эми бир кыш чыдап койгула. Жаз айынан баштап эч кандай чектөөлөр болбойт. Электр энергиясына болгон баа мурдагы ордунда калат»,-деди Жапаров. 
 
Эске салсак, быйыл Токтогул суу сактагычында суу өткөн жылга караганда аз топтолгонуна байланыштуу, Кыргызстан Казакстандан 500 млн. киловатт саат электр энергиясын сатып алат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter