У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков, Роза Отунбаеваны ээрчитип, "Ата-Бейитке" барды


Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков,президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди ээрчитип, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, Саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту. Аларга багышталып куран окулду.

Садыр Жапаров Бүбүйра Кыдыралиеванын, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери Болот Абдрахмановдун жана археолог Михаил Москалевдун эрдигин, алардын аракетинин аркасында Чоң-Таш айылына жакын жерде репрессияланган 138 адамдын жашыруун жана массалык түрдө көмүлгөндүгү коомчулукка маалым болгонун белгилеген.
Эскерүү иш-чаралары «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейинде жыйынтыкталган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter