У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катыша турганын билдирди


“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, саясатчы Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-октябрда өткөн маалымат жыйында билдирди. 
 
Анын айтканынына караганда, ал партиянын атынан эмес, жеке жаран катары президенттик шайлоого катышат. 
 
«Бул партиянын чечими эмес, мен жеке кыргыз жараны катары талапкерлигимди көрсөтүп жатам. Себеби Кыргыз Республикасынын президенти бир да саясий партиянын же топтун, кызыкчылыгы бар класстын мүчөсү болбой, бүтүндөй Кыргыз республикасынын кызыкчылыгын коргогон, бардык улуттардын, топтордун кызыкчылыгын коргогон инсан болуусу зарыл. Ошондуктан мен партиянын атынан эмес, жеке жаран катары президенттикке талапкеримди көрсөтүп жатам.Бүгүн, 3-октябрда БШКга арызымды тапшырам»,-деди Мадумаров. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter