У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров менен жолугушууга чет элдик элчилер келбей койдубу?..


Кечээ, 28-октябрда Садыр Жапаров Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын башчылары менен жолугушууну пландаштырган, бирок жолугушууга чет элдик элчилер келбей койду. Бул тууралуу журналист Асел Оторбаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Өкмөт башчынын аппаратындагылар дипломатиялык элчилерди жаӊы өкмөт башчы менен жолугушууга чакырышты. Алар аппараттагыларга рахматын айтып, бизден биринчи орун басар барат деген сылык жооптор менен жолго салышты. Чиновниктер бул уятын жабуу үчүн жолугушуу кийинкиге калтырылганын айтып чыгышты. Садыр Жапаров дипломатиялык корпусту Кыргызстанда бардыгы жакшы деп ишендиргиси келгени белгилүү. Өлкө укуктук талаага кирди, кырдаал турукташты деп жатышат. Бирок бул КТРКга арналган – жасалма ыр, саясий интригалар мене ниши жок карапайым айылдыктардын аң-сезими үчүн иштелип чыккан. Садыр Жапаров жардам сурай турганы белгилүү, анткени жардамсыз ал эч нерсе кыла албайт. Олигархтар катарга тизилип, күмөндүү капиталына мунапыс берилишин каалагандар көрүнбөйт»,- деп жазды ал. 

Ошондой эле журналист фактылардын өтө катаал экенин, азыр бир дагы чет өлкө Садыр Жапаровго жардам бербей турганын, эгер өкмөт башчы чет өлкөлөрдүн жардамын алгысы келсе өз убагында парламенттик шайлоону өткөрүп, сөз менен эмес, иш жүзүндө укуктук талаага кириши керектигин, кадрларды 2-3 күнгө дайындоолорду токтотуусу зарыл экенин билдирди. 

 

«Россия каржылык жардамды токтотту, Европа Биримдигинин санариптештирүүгө 6 миллион евро бөлүп берүү кийинкиге калтырылды. Садыр Жапаров укуктук талаага сөз менен эмес, иш жүзүндө киргенге чейин эч бир чет өлкө ага жардам бербейт»,-деп кошумчалады Оторбаева. 


 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter