У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ж.Турдукожоев: «Президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан Канат Исаев төрагалыктан кетиши керек»


Жогорку Кеӊештин төрагасы президенттин милдетин аткаруудан эки негизде гана баш тарта алат: Конституциянын 66-беренесинде турат, эгерде ал катуу ооруп же каза болуп калган учурда гана. Бул эки негиз тең болгон жок. Конституция бузулду. Мындай болгондон кийин, Канат Исаев укуктук жагынан да, моралдык жагынан да, Жогорку Кеңештин төрагасы болгонго укугу жок. Ал өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырышы керек. Мындай пикирин БШКнын эксперти Жыргалбек Турдукожоев Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди. 
 
Маек өзгөртүүсүз берилди. 
 
Би-Би-Си: Эң бүйүр кызыткан талаш премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша алабы же жокпу деген суроодо болуп жатат. Президент милдетин аткаруучу президенттик шайлоого катыша албайт деп баш мыйзамда кашкайта жазылып турбайбы, туурабы?
 
Ж. Турдукожоев: Туура. Конституцияда 67-беренеде президенттин милдетин аткаруучу президенттин ордуна талапкерлигин кое албайт, президент боло албайт деп жазылып турат. Бирок, эң негизгиси Садыр Жапаров биз бардык аракетибизди мыйзам нугунда аткарабыз, мыйзам талаасына келебиз, ушул чектен чыкпайбыз деп айтты. Бул эң туура позиция, муну колдош керек.
 
Ал ошол эле учурда эгер мыйзам жол берсе президенттик шайлоого катышайын деген оюн айтып жатат. Анын башка жолдору бар, мен ошону айтайын. Бул менин жеке көз карашым.
 
Президенттин милдетин, ыйгарым укуктарын аткаруу Конституция боюнча биринчи кезекте сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин төрагасына өтүш керек эле. Бирок андай болбой калды. Жогорку Кеңештин төрагасы ар кайсы шылтоону айтып баш тартты. Кырдаал мындай болуп атса, аз убакыт калса деп.
 
Бирок ал кандай айтса дагы, бул анын Конституция боюнча жүктөлгөн ыйгарым укуктарынан, милдеттеринен мыйзамсыз баш тарткандык деп эсептейм. Себеп дегенде, ал президенттин милдетин аткаруудан эки негизде гана баш тарта алат: Конституциянын 66-беренесинде турат, эгерде ал катуу ооруп же каза болуп калган учурда гана. Бул эки негиз тең болгон жок.
 
Би-Би-Си: Анда Конституциялык палата Канат Исаевдин президенттин милдеттерин аткаруудан баш тартканы баш мыйзамга жооп бербейт деген корутунду чыгарып бериши керек го?
 
Ж. Турдукожоев: Эми бирөө-жарым ушундай арыз менен кайрылса. Жарандар кайрылабы, коомдук уюмдар кайрылабы, ошондо Конституциялык палата өзүнүн чечимин чыгарып бериши керек болот.
 
Ошентип, Конституция бузулду. Мындай болгондон кийин, Канат Исаев укуктук жагынан да, моралдык жагынан да, Жогорку Кеңештин төрагасы болгонго укугу жок. Ал өзүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшырышы керек. Ошондо анын ордуна башка бирөө шайланат. Ал өз кезегинде Конституциянын алкагында президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. Ошондо Садыр Жапаровго президенттикке өзүнүн талапкерлигин койгонго жол ачылат.
 
Би-Би-Си: Канат Исаевдин ордуна башканы шайлап отурбай эле, президенттин милдетин аткарууну премьер-министрден кайта парламент спикерине өткөрүп берүүгө баш мыйзам жол бербейби?
 
Ж. Турдукожоев: Андай кылса болот, бирок бул анда өтө татаал процедура болуп калат. Ал үчүн Конституциялык палатага кайрылыш керек. Ал качан карап, кандай чечим чыгарат, анын күчүнө кире турган мөөнөтү бар дегендей.
 
А эгер Садыр Жапаров президенттикке аттанам десе, анда ага жолду ачып бериш керек. Депутаттар муну эртерээк чечиши керек.
 
Булак: БИ-БИ-СИ.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter