У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Санап бүтпөйсүң. Матраимовдор Бажыны кантип басып алышкан? Токтакуновдун иликтөөсү


Журналист Али Токтакунов "Райымбек Матраимовдун  Бажыдагы сансыз туугандары" аттуу кезектеги иликтөөсүн жарыялады. Ал Матраимовдун 1997-жылы катардагы инспектор болуп эле кызматка орношуп, 2005-жылдан баштап ташы өйдө кулагандыгын, 2010-жылдан кийин, тагыраагы А.Атамбаевдин бийлигинин тушунда бир туугандары болуп көрбөгөндөй бийликтин бутагына жармашып, чиркешип, учкашып алганын айтты. Ал Бажы тармагынан Сооронбай Жээбеков бийликке келгенде кеткени менен бир туугандары ал тармакты былкылдатпай кармап турганын кошумчалап, анын туугандарын санап берди.

1. Нурсейит Сыдыков - Борбордук бажынын контрабанда башкармалыгынын ага инспектору, Райымбек Матраимовдун эжесинин уулу. Ал 23 жашында Бажыга келген. 
2. Азизбек Токонов - Ошто бажы процедурасы борборун жетектейт. Майор, ага чейин Кара-Сууда башкы бажы терминалында инспектор болчу. Ал Матраимовдун бир тууган эжесинин кызын алган.
3. Таалайбек Токторов – Түштүк-батыш бажысында ага инспектор. Ага лейтенант, Матраимовдун бир тууган бөлөсүнө үйлөнгөндөн кийин Бажыга кызматка орношкон. Анын 2 иниси Эркинбек, Байсал дагы бажы инспекторлору.
4. Искендер Тургунов – Түндүк Темир жол бажысынын жетекчи орун басары. Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын бир тууган иниси. 
5. Асанбек Мурзакасымов – Искендер Матраимовдун кызына үйлөнгөн. Кант бажы каттоо жайында инспектор. 
6. Алмазбек Арзиев – Бажы процедурасынын башчысы кызматынан быйыл пенсияга чыккан. Ал Искендер Матраимовдун кудасы. 
7. Руслан Раманов – Карамык пунктунун инспектору. Искендер Матраимовдун кайниси.
8. Запарбек Айдаров – Бишкектеги бажыда башкы инспектор. Тилекбек Матраимовдун кудасы. 
9. Эркинбек Айдаров – Кара-Суу Темир жол бажысында инспектор, Запарбек Айдаровдун бир тууган иниси.
10. Эламан Жунусов – Манас бажысында ага инспектор, ырчы Ибрагим Жунусовдун уулу. Райымбек Матраимовудун өкүл уулу.
11. Данияр Абдыраимов – Түштүк Батыш бажысынын инспектору, Матраимовдорго таандык “Эрен” футбол клубунун башкы машыктыруучусу.
12. Адилет Култаев- Түштүк-Батыш бажысынын начальнигинин орун басары. Матраимовдорго таандык “Эрен” футбол клубунун чабуулчусу.
13. Эламан Аринов – Түштүк-Чыгыш бажысынын инспектору, Матраимовго таандык “Эрен” футбол клубунун футболчусу.
14. Нуртилек Жайлообаев – оперативдик бажынын контрабанда бөлүмүнүн кызматкери, Матраимовго таандык “Эрен” футбол клубунун футболчусу.
15. Жамалидин Мусаев - Матраимовго таандык “Эрен” футбол клубунун футболчусу, борбордук бажынын кызматкери.
16. Асан Сатыбалдиев - Матраимовго таандык “Эрен” футбол клубунун футболчусу, борбордук бажынын кызматкери.
 
Ушунун баары 2017-жылга чейин, Райымбек Матраимов кызматтан кеткенге чейин ишке киришкен. 
 
Бажы кызматы 2019-жылы кызматкерлерди алууга сынак жарыялап, ага 600гө жакын адам арыз тапшырган. Алардын 150сү гана сыннактан өтүп, кадрлар резервине кабыл алынганын декабрь айынын аяганда жарыялашкан. Алардын бул операциясы Жаңы-жылдын тушунда болгондуктан көңул борборунун сыртта калган. Ошол 150 адамдардын айрымдарына гана буйрук чыгып, кызматка орношушкан. Алар:
  1. Токтоболот Тилекбеков- Тилекбек Матраимовдун уулу. 2020-жылдан бери Бажыда иштеп келе жатат.
  2. Айжан Нурмаматова – Ислам Матраимовдун балдызы. Камсыздоо бажысында архив бөлүмүнүн инспектору
  3. Бектур Медеров – Райымбек Матраимовдун бөлөсу, Манас бажысында инспектор
  4. Семетей Анарбаев – 31-декабрла бажынын кадрлар резервине кабыл алынган, ал Мартаимоудордун кудасы.
  5. Кумар Жалиев – Бажы коштоо бөлүмүндө иштейт, бирок Райымбек Матраимовду ар дайым коштоп жүргөн жан жигити.
  6. Нургазы Жорошев – Оперативдик бажынын контрабанда бөлүмүнүн ага опери, Азаттыктын журналистине кол салгандардын бири.
Бексултан Назаров, 31-декабрла бажынын кадрлар резервине кабыл алынган. Матраимовго таандык “Эрен” футбол клубунун футболчусу, борбордук бажынын кызматкери.
  1. Илимбек Аттокуров - “Эрен” спорт  клубунун мышыктыруучусу, 31-декабрла бажынын кадрлар резервине кабыл алынган.
  2. Ханбото Борбиев  - Манас бажысында ыкчам нөөмөт бөлүмүндө иснпектор, Райымбек Матраимовдун досу, ырчы Бек Борбиевдин уулу
  3. Эламан Дуулатов – Түштүк-Батыш бажысында инспектор, финполдун мурдагы башчысы Бакир Таировдун уулу.
  4. Алихантөрө Марифов – Матраимовдордун кудасынын уулу, Түндүк-Батыш бажысында инспектор.
Булар туугандары жана айрым жакын адамдары гана, андан тышкары классташ, табакташ, кошуна-колоңдору жогорку кызматтарда иштешет. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter