У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров люстрация процессин тездетүү максатында жаңы жүздөрдү кызматка дайындады


Премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик кызматка жаңы кадрларды тартууну баштоону жарыялады. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Ага ылайык: 

Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) өкмөттүн аппарат жетекчиси – министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды; 

- Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) өкмөткө караштуу экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды (финансы полициясы);

Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) өкмөткө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;

Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter