У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жээнбеков: "Бир шарт менен гана президенттиктен кетем..."


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, кайрадан кайрылуу жасады. 

Мамлекет башчысынын кайрылуусун толугу менен беребиз:
"Урматтуу мекендештерим!
Өлкөдөгү саясий кырдаал курч абалга жетти.
Аны жөнгө салуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасайлы.
Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоо дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечимин кабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деп ишенем.
Аны менен катар кризиске чейин иштеп келген өкмөт башчысын жана өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирип, кийинки дайындоолорго мыйзамдуу жол ачуу керек.
Жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана президенттин Жарлыгын чыгаруу зарыл.
Мен тиешелүү Жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керек.
Урматтуу мекендештерим, дагы бир ирет кайталайм — мен азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөйм.
Мен үчүн эч бир кызмат мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес.
Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын.
Саясий тараптарды элди бөлүп-жарбоого жана коомго бүлүк салбоого чакырам.
Кудай колдоп, бардык саясий күчтөргө акыл-эстүүлүк, сабырдуулук берсин!"


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter