У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жердин жаракасынан чыга калгандай эле сүйлөйт да…

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров 5-мартта парламенттин жалпы жыйынында: "Биз алдыны көздөй жылышыбыз керек. Экономикада жашылдандыруу, жаңылануу деп жакшы позитивдүү ойлор айтылып жатат. Ушундай учурда кээ бир болуп жаткан митингдер жана башка иш-чаралар, тилекке каршы, кедергисин тийгизип келүүдө",  -деп билдирди. 

Түшүнүгүң менен сенин деген киши жок. Жакшы ойлор айтылып койсо эле өнүгүп кетебизби? Ал үчүн иштеш керек. Мыйзамды сактап, элдин жашоосуна жакшы шарт түзүш милдет. «Жакшы оюбузга минтинг кедергисин тийгизип жатат» деген акылыңа баракелде. Андан көрө уйкубузга кедергисин тийгизип жатат десеңер оң болмок. Түшүнөн чочуп, таттуу уйкусу бузулуп жаман болуптур деп туура кабыл алат элек.
 
Кайран кошоматчы. Жердин жаракасынан чыга калгандай, же көктөн түшө калгандай эле сүйлөйт да. Митинг-пикетти эми эле көрө калгандай болуп, акылдуусунганына күйөсүң да. Эл митинге жыргаганын чыкпаса керек. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter