У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кызматтан кеткен жок


Соцтармактарда Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов иштен кетти деген маалымат тараган. Биок акимчилик анын кызматтан кетпегенин, 24-сентябрдан тарта бир айлык эмгек өргүүсүнө чыкканын айтты. 

Журналисттердин "шайлоо алдында эс алууга кетүүнүн себеби эмнеде?", - деген суроосуна "Ден соолугума байланыштуу" деп жооп берди.

Тилек Матраимов өлкөдөгү эң ири - Кара-Суу районунун акими болуп 2012-жылдын февралынан бери иштейт.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, ири коррупцияга байланыштуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып жүргөн Райымбек Матраимовдун бир тууганы.
Дагы бир агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде талапкер.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter