У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Биримдик» шайлоонун үгүт ишин салтанаттуу баштады!

 
Бүгүн 4-сентябрда алдыдагы парламенттик шайлоонун расмий үгүт кампаниясы башталганына байланыштуу  «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы үгүт иштерин салтанаттуу түрдѳ баштады. Иш-чара Бишкектин Жеңиш аянтында ѳтүп, ага партиянын лидерлери, партиянын аймактардагы мүчѳлѳрү, тарапташтары, партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты. 
 
Иш-чара алгач партиянын лидерлеринин келечек муундар үчүн ѳмүрлѳрүн беришкен аталардын элестерине таазим кылышып, ѳчпѳс отко   гүлчамбарларды коюусу менен башталды. Андан соң  «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын гимни ырчы Ильяз Абдразаковдун аткаруусунда  жаңырды. 
 
Иш-чараны «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын лидери Марат Аманкулов ачты. Ал ѳз сѳзүндѳ партия демократиялык социализм идеологиясын сунуштап  атканын белгилеп, ѳлкѳбүздүн келечеги  евразиялык интеграцияда экенине токтолду. Алдыдагы шайлоодо «Биримдик» партиясын колдоого алууга чакырып ѳттү.
 
Андан кийин сѳз алып сүйлѳгѳн партиянын лидеринин орун басары, ЖК депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын максаттарына, эл үчүн кыла турган иштерине токтолуп ѳттү. 
Евразиялык тандоо идеясы келечекте Кыргызстанды ѳсүп-ѳнүгүүгѳ алып бара турганын айтты. «Биримдик» менен бирге болобуз! Келечек, туруктуулук – бул «Биримдик» - деп сѳзүн жыйынтыктады. 
Ошондой эле  партиянын тизмесин баштап баратышкан талапкерлер  Акылбек Жаманкулов, Улукбек Кочкоров, Галина Кетовалар сѳз сүйлѳп, партиянын максатына, алдыдагы кыла турган иштерине токтолушту. 
 
Иш-чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов менен легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Кемел Ашыралиев ѳздѳрүнүн баталарын беришип, алдыдагы шайлоодо «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясына жеңиш каалашты.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter