У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмаз Темирбек: "Жаштар арыз жазбайм, мандатымды тапшырбайм дегенге эркиңер жетпесе шайлоого барбагыла..."


Шайлоого бараткан партиялардын көбү эл көзүнө тизменин алдына жаш, таза булганбаган талапкерлерди коюшуп, артына аштан-көчтөн калгандарды жыйып алып коомчулуктун көзүн жазгырган тактиканы колдонушууда.
 
Өкүнүчтүүсү, добуш алып берчү жаштардын, таза булганбаган талапкерлерди "шайлоодон кийин мандатыңды тапшырып берип кетесиң" деп алдын-ала арыз жаздырып, нотариус аркылуу күбөлөндүрүп жатышат.

Ар кайсы партияда бараткан мамлекеттин келечегин ойлогон жаштар, мекенчил инсандар кайсы партия арыз жаздырып, "шайлоодон кийин мандатыңды тапшырып бересиңер" деп жатышса, арыз жазбагыла, мандатыңды өткөрүп бербегендей болгула.
 
Себеби, силер ошондой жолго барсаңар, таза, жаш, булганбаган инсандар, мамлекетти ушулар оңойт деген элдин силерге ишенип берген добушун саткан болосуңар.
 
Эгер, ошондой болсо, демек, силер тизменин артында турган ууру-кескилерден жаман элдин душманы экениңерди далилдейсиңер. Анткени, элдин ишенимин уурдап, үмүтүнө суу сээп, келечегин соодалап жиберген болосуңар.
 
"Арыз жазбайм, мандатымды тапшырбайм" дегенге кудуретиңер, эркиңер жетпесе, элди алдап шайлоого барбагыла. Шылуундарга мамлекеттин, элдин келечегин салып бербегиле.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter