У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сарэсеп. Исаевге ишенген элдин өз шору…


Учурда Жогорку Кеңештин шайлоосуна карата талапкерлер такталып, партиялар съезддерин өткөрүшүп, ач-кыйкырык, куу сүрөөн менен шайлоого баратышат. Биз партиялардын тизмесинде кимдер баратканын "2020-шайлоо" деген рубриканын алдында «Ким элең, кайда жөнөдүң» аттуу темада, талапкерлердин басып өткөн жолуна сарэсеп салып турабыз. 

Бул жолку каарманыбыз «Кыргызстан» партиясын жетектеп, алдыңкы он тизмеге «аштан-көчтөн» калгандарды тизип алып, шайлоонун шаңын чыгара турган болуп жаткан Канатбек Исаевдин ак-карасына азын-оолак токтолуп өтөлү. 

Исаевди интриганын атасын таанытаарын саясатчылар жакшы билишет. «Жеңден кончко куюлуп, суудан кургак чыгуу» жагынан алдына жан киши салбай турганын эчен ирээт айгинеледи десек жарашат. Буга анын «коррупция», «бийликти күч менен басып алуу» сыяктуу оор статьялар менен айыпталып камакка алынып, бирок камырдан кыл сууругандай жазадан кылы кыйшайбай кутулуп кеткени далил. Албетте, бул анын кыйындыгынын белгисиби же, жыланча терисин алмаштырганды мыкты өздөштүргөн кубулма касиетин чагылдырып турабы буга калк тараза… 

Мына, Исаев «бийликти күч менен басып алууга» шектелип кылмыш иши козголуп, 2017-жылы 30-сентябарда камакка алынып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна киргизилген. Башкы прокуратура Исаевге «массалык башаламандык уюштуруу үчүн кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган» деген кине койгон. 

Ал кезде президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов башкы атаандаш катары тирешип, шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан. Исаев Бабановдун тарапташы катары шайлоодо жеңилип калышса, шайлоонун жыйынтыктарын таанышпай, башаламандык уюштуруу аракетин көрүшмөк болгонун укук коргоо органдары жар салышкан. 

Башкача айтканда, Башкы прокуратура тараткан маалыматта: «УКМКнын материалдары бул адамдар жогоруда аты аталган талапкер шайлоодо жеңилип калса бийликти күч менен басып алууну максат кылып жатканын көрсөтүүдө. Алар пландалган акцияларды уюштуруу үчүн өз катарына кишилерди акчага тартып, шайлоо жыйынтыгы бурмаланды деген шылтоо менен массалык башаламандык жана куралдуу кагылышууларды уюштуруп, бийликти кулатууну көздөгөн", - деп айтылат.

Ырасында, ошол кезде интернете "Канат Исаев даярдык үчүн миллион берип жатат", "Криминалдын бийликти басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү (Бабанов-президент, Исаев-спикер, Төрөбаев-премьер-министр)", "Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминал даярдады", «Канатбек Исаев передает миллион ОПГ для подготовки боевиков»,  деген аталыштагы видео тасмалар тараган. Ал видео тасмалар азыр да бар. Мына факты... 


 
Натыйжада,  Канат Исаев «башаламандыктарды даярдоо» боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө изоляторунда дээрлик 10 ай отуруп, Бишкек шаардык соту тарабынан 2018-жылы 18-июлда үй камагына чыгарылды. Андан ары кылмыш иши "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлүп, кимди-ким көрдү Быржыбайды там басыт болуп, Исаевдин пайдасына иштеди. Бул учурда Атамбаев менен Жээнбековдун мамилеси бузулуп, Жээнбековго Чүйдөн таяныч керек болуп жаткан кез эле. 

Кызыгы, мына ошол кезде Исаевге карата козголгон башка кылмыш иштери дагы кыскарып, токтотулуп күм-жам болду. Башкача айтканда, Канатбек Исаев 2010-жылы Токмокто муницпиалдык жерди мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча дагы бир кылмыш ишинин фигуранты болуп жаткан. Ал күнөөлүү деп табылып, 12 жылга кесилген, бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылы июнда депутатка карата тергөөнү мөөнөтү өтүп кеткендигинен улам токтоткон.

Натыйжада, Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаев 2010-жылы Токмокто автобекет куруу үчүн «жалган тендер өткөзүп» мамлекетке миллион сомго жакын зыян келтирген. Ошондой эле, 700 миң сомго жалган келишимдерди түзгөн жана мыйзамсыз түрдө жатакананын имаратын сатып, мамлекетке эки миллион сомдон ашык зыян келтирилген деген негизде козголгон кылмыш иштери суу кечпей калды. 

Мына ушундай баскан изи мандемдүү Исаев «Кыргызстан» партиясын жетектеп Кыргызстанга гүл заман орнотчудай жеңин түрүп шымаланып шайлоого баратат. Демек, бул жолу жаңылсак элдин шору. Келээркиде «Кыргызстандын» катарында бараткан башка талапкерлердин жүзүн ачып беребиз…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter