У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жеңиш Молдокматов, «Замандаш» партиясынын лидери: Биз убада бербейбиз, биз аткарабыз!


Кечээ,19-августта Бишкек шаарында “Замандаш” партиясынын курултайы болуп өттү. Анын жүрүшүндө партия атынан Жогорку Кеңешке депутаттыка талапкерлердин тизмеси жазылган 10 талапкердин аты жарыяланды.
 
Курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген делегаттар катышты. Партия лидери Жеңиш Молдокматов иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, “Замандаш” баарынан мурда Кыргызстандын ичиндеги жана сыртындагы мекендештерден турган элдик партия экенин белгилеп өттү. Курултайдын башталышында, партияны негиздеген, маркум Мухтарбек Өмүракуновго багышталып, куран окутулду. Ошондой эле пандемия курмандыктары да бир мүнөт эскерилди.

Талапкерлердин тизмесинин сап башында Жеңиш Молдокматов турат. Алгачкы ондукка киргендер:
 
Жеңиш Молдокматов
 
Конов Дмитрий
 
Мелис Турганбаев
 
Чынара Шейшекеева
 
Умбеталы Кадыралиев
 
Капаров Мырза
 
Абдыкалыков Нурлан
 
Айсулуу Мамашова
 
Амракунов Мавлян
 
Имамидин Ташов
 
Элмурза Сатыбалдиев.
 
 
Курултайдын башында лидер Жеңиш Молдокматов партиянын программасы тууралуу баларды айтты:
 
-Урматтуу делегаттар, партиялаштар жана пикирлештер! Сиздерди “Замандаш” саясий партиясынын курултайында көрүп турганыма кубанычтамын!
 
Биздин өлкөбүз оор кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Экономика терең кризиске батып, жарандарыбыз күнүмдүк тиричилик үчүн да каражат таба албай отурат. Эпидемия миңдеген жарандарыбыздын өмүрүн алып кетти.
 
Бирок пандемия көйгөйлөрдү гана ачыктабастан, биздин элибиздин мекенчилдик сезиминин таң каларлык деңгээлде экенин көрсөтүп койду! Дүйнөнүн төрт тарабындагы жөнөкөй мекендештерибиз өздөрү оор кырдаалда турганына карабай, күнү-түнү бизди колдоп турушту. “Замандаш” партиясы да четте карап турган жок. Пандемия элибиздин деңгээли өкмөттүн деңгээлинен да бийик экенин так көрсөтүп койду! Мен мекенчил жана боорукер элибиздин алдында баш ийип, таазим этем!
 
2020-жыл Кыргызстан үчүн оңой эмес жыл болду. Ошол эле учурда, бул жыл Кыргызстандын соңку тарыхындагы чечүүчү жыл. Өзгөрүүлөргө жол ачып, жаңыланууга мезгил келип жетти.
 
 «Замандаш» — жөн гана партия эмес. Ал артында жыл сайын өлкө экономикасына зор салым кошуп жаткан адамдар турган чыныгы күч. Мухтар Өмүракунов тарабынан негизделген “Замандаш” коомдук фонду жана партиясы атамекендик жеңил өнөржайдын өнүгүүсүнө, эмгек мигранттарынын жашоо шартын жакшыруусуна, шаардын чет жакаларындагы конуштардын инфраструктурасынын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизип, салымын кошуп келе жатат. Партиянын кийинки муундары бул багыттар боюнча дагы да чоң жыйынтыктарга жетишип жатышат.

 Ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан 13 жыл ичинде “Замандаш” партиясы өзүн бай тарыхы жана кең келечеги бар, өлкөнүн ичинде да, сыртында да колдоо таба алган туруктуу партия катары көрсөтө алды.
 
Учурда «Замандаш» партиясынын көйгөйлөрдү чечүү үчүн атайын ачкычы бар. Бул – мыкты өзгөрүүлөргө жол ача турган программа. “Келечек 4.0” – бул өлкө экономикасын жаңылоого үчүн 7 кадам. Ал чакан өкмөттүн электрондук тармакка өтүшүн, заманбап технологияларды жана компетенттүү кадрларды сунуштайт. Биздин экономиканы көтөрүү боюнча так багытыбызбар жана биз жоопкерчиликти алуудан коркпойбуз. Бүгүнкү “Замандаш” – бул тажрыйбасы мол жана аты булганбаган жалгыз партия!
 
«Замандаш» саясий партиясы парламенттик шайлоого экинчи ирет катышат. Бул ирет бизде мүмкүнчүлүк жогору. Ар бир аймакта партиябыздын күчтүү лидерлери бар!
 
Бүгүнкү «Замандаш» – бул тажрыйбалуу саясатчылар, ошондой эле, эч нерсеге карабай өлкөнү өнүктүрүү үчүн аракет кылууга даяр акылга толуп турган жаштар.  
 
Биз убада бербейбиз, биз аткарабыз !


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter