У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Мекенчил" партиясынын курултайы өттү


«Мекенчил» саясий партиясы 13-августта кезексиз курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу партиянын лидери Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

Пандемия шартына ылайык чакан чөйрө катышкан жабык өткөн курултайга журналисттер киргизилген жок.

Ташиев маалымат жыйынында партиянын шайлоо программасы төрт багыттан турарын билдирип, баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бир мандаттуу шайлоо ыкмасын кайтаруу, сот адилеттигин орнотуу, чек ара маселесин жөнгө салуу башкы багыттар экенин белгиледи.

"Мекенчил" - шайлоого талапкер болууну көздөгөн партиялардын ичинен кезексиз курултайын биринчи өткөргөн партия болуп калды. Курултайда бекитилген шайлоо тизмесине саясатчылар Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Бакыт Аманкулов, Жылдызкан Жолдошевадан башка дагы кимдер киргени белгисиз. 

Камчыбек Ташиев 2010-жылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен "Ата-Журт" саясий партиясын жетектеген. 2015-жылкы шайлоодо бириккен "Республика-Ата-Журт" саясий партиясынын теңтөрагасы болуп, бирок, шайлоо тизмесине кирбей калган.

Мыйзам боюнча шайлоого катышкысы келген саясий партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин БШКга бериши керек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter