У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Көл шаарында 66 жаштагы жаран өз үйүндө киши колдуу болуп көз жумду


Кара-Көл шаардык милициясы өз үйүндө киши колдуу болгон жаран тууралуу маалымат таратты. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында маркум бөтөлкөлөшүнүн колунан каза тапканы маалым болду. 

Тактап айтканда ушул жылдын 10-август күнү саат 09:30 чамасында Кара-Көл шаардык ооруканасы ШИИБге Кара-Көл шаарынын тургуну Т.Ю. өз үйүндө каза болгонун билдирген. Кара-Көл ШИИБдин жетекчилиги ыкчам тергөө тобу менен бирге окуя болгон жерге барып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, алдын ала териштирүүдө төмөнкүлөр аныкталган:

Кара-Көл шаарынын 1954-жылы туулган тургуну Т.Ю. үйүнүн короосундагы тапчанда денесиндеги жарааттар менен киши колдуу болгон жеринен табылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон. Аталган окуя 10-август күнү Кара-Көл ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошондой эле кылмышка шектүү жарандардын өздүгүн аныктап, тергөө кызматына алып келүү боюнча тийиштүү кызматкерлерге тапшырма берилген. Анын натыйжасында шектүү катары Кара-Көл шаарынын 1976-жылы туулган тургуну Д.Ж. кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү маркум Т.Ю. менен бирге спирт ичимдигин ичип отуруп, сөз талаша кетишкен жана шектүү маркумду уруп-тепкилеп, кетип калган.

Учурд шектүү Д.Ж. Кара-Көл ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter