У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ибраим Нуракун уулу: "Депутаттар 200 миң сом эмгек өргүү акысын алыптыр деген маалымат чындыкка дал келбейт"


Депутаттар 200 миң сом эмгек өргүү акысын алыптыр деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жазып чыкты. 

"Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом эмгек өргүү акысын алыптыр деген айрым такталбаган маалыматтар коомчулугубузду кабатыр кылды. Бул маселе боюнча Төрага Дастанбек Жумабеков менен бир аз мурда сүйлөшүп, төмөнкүлөрдү тактадык.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгек акылары толук бойдон эмгек кодексинде жазылган нормаларга ылайык чегерилет. Төраганын бир айлык эмгек акысы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом, депутаттардыкы 25 миң 500 сом. Эмгек кодекси боюнча эмгек өргүү акысы бир айлык маянанын көлөмүнөн ашпайт. Андыктан, Фейсбук баракчасындагы биз тааныбаган атуулубуздун "ар бир депутат кассадан 200 миң сом алып атканын көргөндөр бар" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Дагы бир кошумчалай кетчү учур, Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлеринин дээрлик бардыгы илгерки СССР учурундагыдай кассага кезекке туруп маяна албайт, банктык карточкаларына түз которулат. Демек, "200 миң сомдук ведомостко кол коюп жатканын көрдүк" деген дагы туура маалымат эмес. Дагы бир жагдай, мамлекеттик кызматкерлер баары эле бирдей эмгек акы албайт, арабызда өмүр бою мамкызматта иштеген адистер бар, алардын эмгек акысы кыйла айырмаланып турат. Бирок, ал дагы 200 миң сомду түзбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери жалпы жонунан башка мамлекеттик бийлик бутактарында иштеген кызматкерлерден же министрлерден ашыкча эмгек акы албайт.

Азыркы оор учурда, Жогорку Кеңештин депутаттары башканы коюп медицина кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрүн өз учурунда төлөп берүү маселесин байма-бай көтөрүп келишет. Бул максатта Жогорку Кеңештин депутаттары жана комитеттери мамлекеттик бюджеттеги чыгымдарды кескин кыскартууга добуш беришкен. Анын ичинде Жогорку Кеңеш өзү дагы чоң кыскартууларга барууда. Бул жылы төраганын буйругу менен сатып алуулар, иш сапары, майда чарбалык ремонт сыяктуу иштер токтотулган.
Кошумчалай кетсек, төрага Дастанбек Жумабеков соңку үч айлык эмгек акысын ковидге каршы күрөшүү фондуна которгон, жалпы эл өкүлдөрү бир айлык эмгек акысын чегерген, "Кыргызстан" фракциясы эки айлык эмгек акысын которгон. Айрым депутаттар, мүмкүнчүлүгү бар аппарат кызматкерлери үй-бүлөсүнүн атынан эл катары жардамдашууда.
Кесиптештер, ар түрдүү шектүү маалыматтарды расмий тараптан тактап жарыялашыңыздарды суранабыз. Оору күчөп, көптөгөн атуулдарыбыз жакындарынан айрылып кайгыга батып турган маалда шашылыш, такталбаган маалыматтар кырдаалды ансайын ырбатып жибериши ыктымал. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрагага же депутаттарга кызмат кылбайт, парламентаризм, күчтүү парламентаризм жана ачыктуулук үчүн иштемекчибиз. Көбүңүздөр байкасаңыздар керек, биз ар дайым сиздер үчүн ачыкпыз, күнү-түнү байланыштабыз. Суранаарыбыз, маалыматтарды тактап анан элге бериңиздер. Рахмат!", - деп жазылат билдирүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter