У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айбек Бусурманкулов: «Эмне үчүн кыргыздын 400 алтын кенин “Кыргызалтын” эмес, чет элдиктер казат?»


“Эркин эл” саясий партиясынын теңтөрагасы Айбек Бусурманкулов “Кыргызалтын” ААК жетекчиси Алмаз Алимбековго кайрылуу жасап, ага бир нече суроолорун узатты.

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 400гө жакын Алтын иштетүүгө лицензия берилиптир:

1) Эмне үчүн ошол алтын кендерин “Кыргызалтын” ААКсы иштетпейт?
2) 400 жакын конкурстун канчасына “Кыргызалтын” ААК катышты?
3) Катышса “Кыргызалтын” ААК эмнеге утулуп калды?
4) Качанга чейин эле кыргыздын алтынын казган чет мамлекеттик ишканаларда Кыргыз Республикасынын үлүшү жок, алтындарыбызды тонотуп жата беребиз?
5) 5 жыл ичининде эмне иш кылдыңыз?
6) Канча алтын ишкана ачтыңыз?
7) Кумтөр, Жерүй, Чаткал ж.б. алтын кендерин кыргыз элинин кызыкчылыгына иштетүү боюнча Өкмөткө кандай  сунуштарды бердиңиз, кандай реалдуу кадамдарды жасап жатасыздар?

Мисалга: Өзбекстанда дүйнөдө алтындын кору боюнча 2-орунда турган Мурунтау (2007-жылга 1750 тонна алтын азыркы баа менен 100млрд. доллар) алтын кенин “Навои тоо комбинат” мамлекеттик ишканасы 100% иштетип жатат.

А биздин “Кыргызалтын” ААКсы 400 алтын кенинин бирин да 100% өзү иштеткен жок!!! Болгону 3 биргелишкен ишканадан (ОсОО «Алтынкен» -40%, ОсОО «Мансон Групп» -34%, ОсОО «Эти Бакыр Терексай» – 25%) аз үлүш алганына ыраазы. Азыркы кризис учурунда тоо-кен тармагы убактылуу экономиканын локомотиви болуп бермек.

Алтын кен байлыктарды өзүбүз иштетишибиз керек!
Элдин байлыгы – Элге!

Айбек Бусурманкулов, “Эркин эл” саясий партиясынын теңтөрагасы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter