У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Зайырбек Ажыматов: "Чын-чынына келгенде акын байкуштун өкүмдарлар үчүн тыйынчалык да пайдасы жок..."

Кыргыз эли чыгаан уулдарынын бири, акын, журналист Зайырбек Ажыматовду жоготуп, боздоп отуруп калдык. Акындын гезитибизге берген дил маегин сайтыбызга жарыялоону туура көрдүк...

- Зайыр агай, ырлар үчүн кээде актанган учурлар болду беле? 
•    Ооба. Актанганда актанып, мактанганда мактанып эле коем. Арга жок болуп калганда чындыгын айтканга да туура келет. Айтор, турмуш кандай болсо мен деле ошондоймун. Ошентсе да чырга караганда ырга жакын болгонго умтулам.

- “Акындардын жүрөгүндө сүйүү жашап турбаса ыр жаза албайт экен” дешет, Сиз кандай дейсиз?
•  Жан дүйнөсүндө дайыма жаңырып, тазаланып турган сүйүүсү барлар эч кимди, эч нерсени жаман көрө албайт. Адам сезими сенек болуп, терегинде болуп жаткан окуяларга, жүрөк эргиткен көрүнүштөргө, жылуу мамилелерге кайдигер карай баштаганда адамдыгын жоготуп, бактысыздыкка туш болот дешет эмеспи. Ошол сыяктуу акындар деле жүрөгүндө сүйүү түгөнгөндө акындык менен кош айтышат болуш керек. Бирок, жаңы сүйүү десе эле шайкелең, арзан сүйүүлөрдү элестетпеш керек. Сезимтал жүрөк ар бир таңды, табиятты, тирүүлүктү, асыл мамилелерди, анан албетте, бул дүйнөнү бейишке айланткан аялзатын сүйүп, асылдык издеп жашайт. Ошол сезим саат сайын, керек болсо мүнөт сайын жаңыланып, тазарып, кубаттанып турса кандай сонун.

- “Журналистика акынды аябай майдалайт” дегени менен бул экөө куштун эки канатындай эгиз экенин эч ким тана албаса керек. Ошентсе да сиздин жеке тажрыйбаңызда журналистика акындыкка тоскоолдук кылып калган учурлар болду беле?
•    Мен чынын айтканда учурда өзүмдү ара жолдо калган адамдай сезем. Кыйраткан акын да, кыйраткан журналист да боло албай калдым. Журналистикадан жолум болбой калганда “мен деген ыр жазам да”, деп, ыр жазгандан жолум болбой жүргөндө “мага журналистика жолтоо болуп жатпайбы”, деп өзүмдү өзүм актаган учурларым көп эле болот. Бирок, тарыхтан ыр жазгандан башка да көптөгөн өнөрлөрдү аркалап, анан да алардын ар биринин өтөөсүнө чыгып жүргөн акындар бар экенин окуганда эмне кыларымды билбей калам. Кайсы бир улуу акын “Таланттуу акындан талантуу ишкер да, таланттуу саясатчы да чыгат”,-деген мааниде айткан сөзү бар турбайбы. Айтор, баары ошол өнөр адамынын жеке даярдыгына, кудуретине, анан албетте эмгегине байланыштуу болот окшойт. Ал эми таланттуу акындарга журналистика эле эмес түрмө, куугун, согуш, жооптуу кызматтар деле жолтоо кыла албаганын окуп, билип жүрбөйбүзбү.

- Азыр микрофон кармагандын баары эле мамлекеттик сыйлыктара ээ болгусу келип калгандай. Чыгармачылыктын бардык түрүндө бул маселе өтө курч бойдон калууда. Ошолордун арасында бир гана акындар сыйлыкка таарынбайт экен. Эмне үчүн? 
•    Бул өзү кызык маселе. Поэзияда нукура талант менен өзүн өзү күчтөп таланттуулардын катарына кошуп жүргөн шоумендерди мезгил бат эле жиликтеп коет. Ким мыкты акын экенин кайсы бир топ аныктай албайт эмеспи. Андыктан эртең артында ырлары калары же калбаары белгисиз акындын мамлекеттик сыйлык албаганга таарынып жүргөнү уят го. Өзү негизи өкүмдарлар мамлекеттик сыйлыкты кайсы бир таланттууну баалоо үчүн эмес, эң башкысы өнөр адамына каргы салып, өз саясатын жүргүзүүгө пайдалануу үчүн ойлоп тапкан. Бизде алардын мындай максаты акыркы жылдары алдыңкы орунга чыгып, күчүнө кирип келатат. Мисалы жеңил-желпи ырчылардан бери “Эл артист”, “Эмгек сиңирген артист” болуп жатканы бекеринен эмес. Биринчиден, аларды өкмөттүк иш-чараларда, саясый компанияларда пайдаланганга ыңгайлуу. Экинчиден, кандайдыр бир деңгээлде өнөр адамына мамлекеттик деңгээлде сый көрсөтүү аркылуу алардын жоон топ күйөрмандарынын көңүлүн тапса болот деген ой. Чылгый эле саясат айтор. Ал эми чын чынына келгенде акын байкуштун өкүмдарлар үчүн тыйынчалык да пайдасы жок. Себеби анын жоон топ күйөрмандары болбойт, экинчиден, окуган ырын жадабай уга турган аудитория өтө эле чектелүү. Ыр китептер ошондуктан болгону 500, 1000 нуска менен эле чыгат эмеспи. Мындан улам акындар кантип “мага мамлекетке сыйлык бербейсиңер” деп таарынышмак эле. Берсе алып коет, бербесе жүрө берет. Албетте, бул туура эмес жүргүзүлгөн маданий саясат, бирок, өкүмдарлар үчүн ыңгайлуу ыкма. Баса, билесизби, кезинде биздин бир таланттуу акын “мен халтуршиктер менен чогуу сыйлык албайм”,-деп абройлуу мамлекеттик сыйлыктан баш тартып койгон. Бул жалпы өнөр адамдары үчүн үлгү болуш керек.

- Обондуу ырлары жок акындарга көз караш бир аз башкачараак экенин көп байкайм. Акын сөзсүз түрдө обончулар менен иштешиши керекпи?
•    Ооба, иштешкен туура экен. Мисалы жүзгө чукул ырына обон чыккан залкар акын Турар Кожомбердиев атайын эле обончулар менен кеңешип сөз жазып, айлап, жылдап чогуу иштешкен учурлары көп болуптур. Бул тууралуу Эл артисти Сардарбек Жумалиев радиодон маек берип атып айтып берди. Туура кылган. Ошентип жүрүп азырга чейин ырдалган шедевр чыгармалар жаралган турбайбы. Ал эми биздин муундун акындары обончулар менен иштешкилери келбейт. Ырчылар өздөрү да кайрылганды каалабайт. Натыйжада эмне болду? Эфирлерди тантыраган обондуу ырлар басып кетти.

- Артыңыздардан өсүп келе жаткандан ыр сүйгөндөрдүн муундарына берген бааңыз? 
•    Керемет! Мен баарына ийгилик каалайм. Көз тийбесин. Бирок, баарыбыз азырынча изденүү жолундабыз. Буюруса эгемен кыргыз адабиятынын да өз алкыкулдары, оморлору, жолондору, турарлары, сагындары, майрамкандары жана башкалары чыгат деп ишенем.

- Көпчүлүк мырзалар эркек уулдуу болууну каалашат. Уул төрөй албаган зайыбын күнөөлөгөн мырзаларга кандай пикирдесиз?
•    Эми ал Кудайдын бергени да. Азыркы заманда кыз төрөдүң деп аялын күнөөлөгөн эркектер бар болсо, демек ал тезинен өзү психикалык жактан текшерүүдөн өтүшү зарыл. Дегеним азыркы мезгилде биздин коом билимдүү. Аялы да, эри да эмне үчүн жалаң кыздуу же уулдуу болуп жатышканын окуп билип алса болот. Текшерилсе деле айтып берет дегендей...

-    Социалдык тармактарда кызыңыз Карлыгач тууралуу жазган пикирлериңизден улам сизди кыздуу болгондон бери аябай өзгөргөнүңүздү байкагандар көп болсо керек. Уулга караганда кыз таттуураак бекен? Маселен кыздар уул балдарга караганда жароокер болот эмеспи.
•    Мен негизи өтө эле эрте - он тогуз жашымда үйлөнгөм. Улуу балдарым өзүм менен тең чоңоюп калышты. Чынында алардын кантип бой жеткенин деле байкабай калдым. Эки уулумдан кийинки кызыбызды эрмектеп жүрсөк ал да солдоюп, эркелеткенибиз жарашпай калды. Анан Кудай буюруп Карлыгач төрөлдү. Үйдөгү абал түп тамырынан бери өзгөрдү. Карлыгачтан улуу кызым экөөсүнүн ортосу он жаш. Баарыбыз кичинекейдин көзүн карайбыз. Ал азыр төрт жашта. Кылыктары жүрөктү элжиретип турган учур. Тили таттуу. Тентектиги да бар. Бара-бара үйдө менин эң ишенимдүү өкүлүмө айланып баратат. Кечинде үйгө барганда алдыман тосум чыгып, дарбазадан бөлмөгө киргенче эле ал күнү кечке үйдө эмне өзгөчө окуялар болгонун, мисалы бир туугандарынын кимиси тартип бузганын, өзүн ким капа кылганын, апасы үйдө эмне тамак жасап жатканын төкпөй-чачпай жеткирип коет.

- Бала тарбиялоо чоң искусство дешет. Бирок тилекке каршы мырзалардын көбү тарбиянын көп пайызын энеге оодара салышат. Сизчи?
- Бала тарбиялоого эне да, ата да катышыш керек. Албетте, аталардын жоопкерчилиги чоң. Чындыгында балдарга тарбия берүү өтө маанилүү маселе. Ошол эле учурда бул өтө аяр тема. Мен аракет кылдым, бирок азырынча кандай балдарды тарбиялаганым тууралуу мактана албайм. Аны мезгил көрсөтөт.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter