У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айнагүл Базарбаева, акын, калемгер: “Сүйүүмдүн ак экендигин билдириш үчүн мурдагы жазган ырларымды өрттөгөн учур болгон...”


Көкүрөгүнө ааламды батырып алса да жупуну, карапайым, мансап, байлык, ата-даңк же сыйлык деп жулунбаган таланттуу адамдар арабызда абдан көп. “Бош челек катуу калдырайт” дегендей акыркы учурда эки китеп окубай элирип чуркагандар, жулунгандар бааланып жатканы айтпасак да белгилүү болуп калбадыбы. Бирок тилекке каршы жупуну, эч кимге заяны жок, өз дүйнөсү менен алек болуп жүргөн зор таланттар бааланбай кала бергенине ичиң ачышат. Каарманым Айнагүл Базарбаева кыргыздын көзгө басаар, акын, калемгерлеринин бири. Жаштыгы кайра куруу, тагыраак айтканда эгемендүүлүктү жаңыдан алган учурга туш келип, чыгармачылыгы, ырлары калың элдин катмарына толук сиңбей, акындын көкүрөгүндө гана жашап калган. Бирок ошого карабай акын ыр жыйнактарын чыгарып, акын-жазуучулардын арасында өз ордун таап, элдин урмат-сыйына татып келет. Өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн басма сөздөргө, теле-радиолорго арнап, ыр жыйнактарын чыгарып жүрсө да, маектешип жатып негедир эмгегинин бааланышына, сыйлыктарга көрсөтүлүүгө али эрте деп, баладай баегулун көрсөткөнү жүрөктү элжиретет. Азыр каарманымдай дүйнөсү аруу адамдар саналуу...

“Алп акын Алым Токтомушев деле өмүр бою бир кечесин өткөрбөй жүрүп бу дүйнөдөн өтүп кетиптир, ага салыштырмалуу менин кече өткөрөм дегеним жөн эле көйрөңдүк болуп калат... ”
Чыгармачылык кечемди өткөрсөм деп бир кыялданып койдум эле. Кайра ал оюмдан айнып калдым. Дагы бир ыр же проза жыйнагымды чыгармайынча кечени жөн эле коюп турайын деп чечтим. Алп акын Алым Токтомушев деле өмүр бою бир кечесин өткөрбөй жүрүп бу дүйнөдөн өтүп кетиптир. Ага салыштырмалуу менин кече өткөрөм дегеним жөн эле көйрөңдүк болуп калат го. Окурмандарыма жок эле дегенде 15 жылдык отчетумду китеп катары сунмайынча кече жөнүндө ойлонбой турайын деп чечтим.


“Аял болуу зор бакыт...”
Аял болуу да, акын болуу да, адам болуу да ырахат. Жараткан бул дүйнөгө ушул ырахатты сез деп жаратса, ыр жазуу касиетин берсе, чыгармачылыкты ыроолосо, аялдык назды берсе, энелик улуу вазийпаны берсе мунун кыйын десек кудайга наалыган болуп калабыз. Ушул ырахаттарды берген кудайга шүгүр дейм. Булардын баарына убакыт жетип-жетпей мээнеттенип, эмгектенип жүргөнүңдүн өзү зор ырыскы.


“Сүйүүмдүн ак экендигин билдириш үчүн мурдагы жазган ырларымды өрттөгөн учур болгон...”
Ырларым үчүн актанып эмес, бирөөнүн мага болгон сезимин баалап, аяп, өзүмдүн да ошол кездеги сүйүүмдүн ак экендигин ага билдириш үчүн мурдагы жазган ырларымды өрттөгөн учур болгон. Ал ырларымды жакында эстеп калгандарымды кайра жазып "Өрттөлгөн ырлар" деген ыр түрмөк жараттым. Азыр андай актануулар жок. Турмушка такыр башкача көз караш менен карап калган мезгил.


“Мамлекеттик сыйлыктарды жаштар алса чыртыйып калгандарга таң калам...”
Мамлекеттик сыйлыктарды жаштар алса чыртыйып калгандарга таң калам. Ала беришсин. Себеби азыр мезгил, маалыматты жеткирүү, ошонун ичинде чыгармачылык жаңылыктарыңды жеткирүү да жөндөмдүү кишиге спутниктей эле тездик менен болуп калды. Мына ушул спутник тездиги менен чыгармаларын элге да, мамлекеттик атка минерлерге да кеңири жеткирип алган ошону менен бирге жогорку баасын алган акын- жазуучу болсо сыйлык алса, наам алса эмнеге болбосун. Биздин мезгил, учур бираз башка болуп калды. Социализм заманынан капитализмдин биз билбеген жактарына түшүнүү, өтүү кыйыныраак болду. Эл чыгармачылык эмес, көр оокаттын эптеп жөндөп, казан кайнаса кубанган учур болду. Бул учурда чыгармачыл инсандардын деле чөнтөгү жука болуп, жазгандарын деле жалпыга чыгара алган жок. А мезгил ага карап олтурбайт, башка муун келди. Ар мезгилдин өз кыйын акындары болот. Жаштыкта кандай чыкса, кийин деле ошол деңгээлден түшүп кетпейт. Ошол ордунда туруп калышы мүмкүн, бирок артка кетпейт деген пикирдемин. А өсүү болсо андан жакшы. Себеби пайдубал, адам деңгээли руханий байлык. Ал жүрөккө кирип алган соң, өмүр бою чыгармачыл инсан менен чогуу жашайт. 


“Сыйлык жөнүндө ойлоого акым жок...”
Сыйлык жөнүндө ойлоого акым жок. Себеби чыгармачылык жакшы жазганын менен эле чектелип калбайт. Ал элге жетиш керек. Балким ал жүз жылда жетет. Андыктан сыйлыкка убакыт көп. А бирок өмүр убактысы ченелүү экенин элүүгө жакындаганда эки эсе сезе баштайт экенсиң. Жазып калыш керек. Сыйлыкты ойлоого убакыт жок. Былтыр ден- соолугума бир аз маселе жаралганда мен ушуну жүрөк менен сездим. Ошондон бери кумурскадай кыбырап иштеп жатам. Бир канча басма сөздө, теледе иштедиңиз. Эмнеге сыйлыкка акым жок деген ойдосуз деп сурашат жакындарым. Басма сөздөрдө, теледе иштегендерим, мамлекеттик кызматтарда жүргөн жылдар булар пенделик ырыскымды терип жеш үчүн да болду десем болот. Адабият, маданият айдыңына жакын журналист болдум. Жергиликтүү бийликтин  кеп-сөзүн кыйшайуусуз жазган жергиликтүү басма сөздөрдүн, теленин кызматкери болдум. А чыныгы журналисттик кесипти башкача түшүнөм. Ал бир топ опурталдуу. Мына ушул жагынан журналисттик кесипти аркалап жүргөн мезгилдериме сыйлык деле күтпөйм.  Ал эми чыныгы акын-жазуучулук өнөрүмдөгү мезгил мүчүлүштүктөрүн,  жогоруда айткандай болдум. Негизги эл бааласа болду, мындан өткөн сыйлык жок. Ушул сөздү жасалмасыз эле айтып жатам. Элге жетүү, таанылуу, ырларыбызды жеткирүүдө  биздин муун  аксап калганы өкүнүчтүү. 
Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Yhvhty
  • 29-11-2022, 04:10
  • : 04:10
    • Нравится
    • 0
buy levofloxacin 500mg for sale purchase levofloxacin generic
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter