У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тасманын артынан табышкан жылдыздуу түгөйлөр


Тасма тартылып бүткөн соң баш кошуп алган актер, актрисалар кино талаасынын практикасында көп эле жолу кездешип келет. Бул ирет кино талаасында чогуу иштеп жүрүп баш кошкон жылдыздуу түгөйлөрдү тизмектейбиз.


Бред Питт жана Анжелина Джоли
2005-жылы Голливуд  жылдызы Бред Питт жубайы Джениффер Энистон менен ажырашкан.Түгөйлөрдүн ажырашуусуна   актердун кино талаасында бирге ойногон, тасмадагы сүйүктүүсү Анжелина Джолиге болгон сүйүүсү себепкер болгон. Алар “Мистер жана миссис Смит” тасмасында түгөйлөрдүн оразын жаратышкан. Дал ушул фильм жылдыздуу түгөйлөрдү табыштырган.


Дженифер Энистон жана Джастин Теру
Бред Питтин мурунку жубайы жолдошу кино талаасындагы сүйгөнүнө кетип калгандан соң өзү да кино талаасынан чоң сүйуүгө кабылган. Ал тасмадагы партнеру Джастин  Теру менен  2008-жылы таанышкан. Алар  “Жажда странствий” тасмасында бирге тартылышкан. 2012-жылы актер актрисанын колун сураган жана чакан чөйрөдө баш кошушкан. 


Джонни Депп жана Эмбер Херд
1998-жылы Джонни Ванесса Паради менен жашыруун үйлөнүп 2 балалуу болгон. Бирок ырчы айым экөө балдары турганына карабай ажырым жолго түшүшкөн. Арадан көп өтпөй актер “Ромовый дневник” тасмасында бирге роль жараткан актриса Эмбер Херд менен жылуу мамиле түзүп, бир топ жылдан кийин түгөйлөр жашыруун үйлөнүшкөн. Джонни үй-бүлөсүн ачыкка чыгарууну башынан жактырбастыгын маектеринде айтып келет.


Уилл Смит жана Джада Пинкетт Смит
Голливуд жылдызы Уилл Смиттин  жубайы актриса  Джада Пинкетт жолдошунун эң ишимдүү күйөрманы болчу. Ал Смитт тартылган бир нече фильмге кастинге катышып өтпөй калган. Бирок тасма талаасында бир болушпаса да тагдыр аларды жолуктуруп, 2 уулду бирге тарбиялап келишет.

Елизавета Боярская жана Максим Матвеев
Орусиялык кино жылдыздарынын ичиндеги эң атактуу жылдыздуу түгөйлөр Елизавета Боярская жана Максим Матвеевдер. Алар 2009-жылы тартылган “Не скажу” фильминге бирге роль жаратышкан. Ага чейин Максим үй-бүлөлүү болчу. Тасмада бирге роль жараткандан кийин сүйүү үчүн ажырашууга аргасыз болгон. Көп өтпөй түгөйлөр баш кошуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап келе жатышат. 

Анастасия Заворотнюк жана Петр Чернышев
Жылдыздуу түгөйлөр Анастасия Заворотнюк жана Петр Чернышев “Муз үстүндө бий” долбоору аркылуу таанышып баш кошушкан. Актриса ага чейин мурунку продюсери жана жолдошу Сергей Жигунов менен ажырашкан. Тагдыр бирге кылган түгөйлөрдүн ортосунда бир кызы бар. 
Фабула Пресс
 
 
 
 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter