У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев дүйнө салды


Публицист, драматург, журналист, театр жана кинор режиссеру, адабиятчы Мар Байджиев бүгүн, 29-октябрда 86 жаш курагында каза болду.  
 
Байжиев менен коштошуу зыйнаты 31-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук Опера жана балет театрында өтөт.
 
Мар Ташимович Байджиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад облусунда туулган.
 
Кыргыз мамлекеттик университетин жана Москвадагы сценаристтердин жана режиссёрлордун жогорку курстарын бүтүргөн.
 
«Кыргызфильм» киностудиясында, Маданият министрлигинде, «Литературный газетада» өз кабарчысы, «Правда», «Комсомольская правда» гезиттеринде атайын кабарчы болуп иштеген.
 
1990-1995-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
 
Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук киноакадемиясынын академиги, ардактуу профессор, СССРдин кинематографиясынын отличниги, “Манас” ордени менен сыйланган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter