У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айбек Саралаев, ырчы: «Көӊүл чөккөн күндөр көп болду...»


 КРнын эмгек сиӊирген артисти, опера жана балет театрынын ырчысы Айбек Саралев менен чыгармачылыгы, наам, сыйлык, алдыдагы максаттары тууралуу баарлаштык.

- Быйыл эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгын белгиледик. Эгемендүүлүк туурасында эмне айтасыз?
- Өз алдынча мамлекет болуп, эгемендүүлүккө жеткенибизге быйыл 30 жылдын жүзү болуп отурат. Бул биз үчүн сыймык, кубаныч. Анткени эгемен болуунун өзү- жеӊиш, жетишкендик. Ошондуктан кыргыз элимди эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайм. 30 жылдык баскан жолубузда ысык-суукту, жакшы-жаманды баштан өткөрдүк, чайпалдык, кагылып-согулдук, төгүлбөй турганыбызгы шүгүр дейли. Эми өсөлү-өнүгөлү. Ата-бабаларыбыз канын төгүп алып берген эгемендүүлүктүн кадырын, баркын билели. Ар бирибиз колубуздан келген ишти жасап, мамлекетке өз салыбызды кошолу. Сөздөн ишке өтөлү. Бийлик башына келгендер да эгемен мамлекеттин башчысы болуп жатканынын баасын билип, эл үчүн, өлкө үчүн иштеши керек. Кыргыз эли эзелтен акыйкаттыкты, эркиндикти сүйгөн эл экенин башчылар түшүнсө болот эле дейм. 

- 31-августта бир катар өнөр ээлери наамдарды алышып, сыйланышты. Наам алгандардын баары татыктуу деп ойдойсузбу?
- Наам алгандардын баарын куттуктайм. Менимче, көбү татыктуу алды. Аларды татыктуу же татыксыз деп биздин айтканыбыз туура эмес болуп калат го дейм. Муну эл айтсын. Эл талдаса жарашат. Мен талдабай эле коеюн. Эзелтен эле өнөр адамдарынын талантына эл сынчы болуп келген. Кимдин иштеп жатканын, кимдин чыныгы талант экенин эл билет, эл баалайт. Элдин сыны менен баасынан өткөн баа жок. Менин өкүнгөнүм дагы татыктуу адамдардын көз жаздымда калып кеткени болду. Башкаларды айтпасам да, биздин опера жана балет театрында эмгектенген, эмне деген партиянын баарын ырдаган, керемет ролдорду аткарган Нурлан Сүймөналиев деген аксакалыбыз бул жолу да наам албай калды. Агай алгачкылардан болуп наам алышы керек эле.

- Наам алгандардын катарында өзүӊүздү көрөм деп ойлодуӊуз беле?
- Бул жолу наам алгандардын катарынан өзүмдү көрөм деп эӊсеген да, элестеткен да эмесмин. Биздин келечек алдыда. Татыктуулар алса ошого кубанычтамын.

- Ошол сыйлыктар, наамдар жаш курагына карап берилгени туурабы?
- Наам жасаган эмгекке карап берилиши керек. Аз бирок саз иштеген жаштардын эмгеги да өз учурунда бааланышы шарт деп эсептейм. Маселен, эл аралык сынактарга катышып, намыс талашып, Кыргызстандын атын чыгарган ырчылар болсо алардын эмгеги өз учурунда бааланып, татыктуу сыйлыктар берилгени туура. Наам берүүдө чыгармачыл адамдардын баскан жолуна көз салып, жасаган эмгегин казып көрүш керек.

- Чыгармачылыкта азыр да «Арзыматтар» барбы. Дегеним, тааныш-билиштик менен наам алгандарга кандай карайсыз?
- «Кой аксагы менен миӊ» деген элибиздин мыкты сөзү бар. Анынсыӊары чыгармачыл чөйрөдө да аксактар бар. Эки адамды мактап ырдап, наам, сыйлык алгандар да болуп кетпедиби. Мен мындайга каршымын. Бул наамдан мурда чыгармачыл адамдардын кадыр-баркын түшүрөт. «Бир кумалак бир карын майды чиритет» дегендей, бир арзыматтын жоругу бүтүндөй маданият өкүлдөрүнүн эмгегине көө жабат. Азыр да арабызда байларга же чоӊдорго кошомат кылып, алардын бир аз тыйынына алданып, аларды мактап ыр чыгарып жүргөндөр жок эмес.

- Наам сиз үчүн эмне. Сиз дагы наам алгансыз, ошол наам сиздин жашоодо пайдасын тийгиздиби?
- Наам азыркы тил менен айтканда -стимул, кыргызча тил менен айтканда дем, куч-кубат. Чыгармачыл адам өз учурунда ала турган наамдарын алып, мамлекет тарабынан сыйланып турушу керек экен. Бул биз үчүн чоӊ жетишкендик жана стимул. Убакыт өткөндөн кийин берлиген наамдын баасы деле болбойт окшойт. Ал эми жашоодогу пайдасы туурасында айтсам, менин наам алышым эӊ алгач устаттарымдын мага жумшаган эмгектеринин акыбети кайтты десем болот. Себеби ар бир устат, мугалим шакиртинин, окуучусунун сыйлык алып, наамга жетип, эл артисти болушун тилек кылат эмеспи. Мындан сырткары наам -статус. 

- Пандемия сиздин чыгармачылыкка да өз таасирин тийгизбей койбосо керек. Көптөн бери жаӊы ырларыӊызга күбө болбой калдык.
- Ооба, пандемия ар бир адамга таасирин тийгизди окшойт. Көпчүлүгүбүз оор жоготууларды баштан өткөрдүк. Биздин маданиятыбыз да орду толгус жоготуулар болду. Көп кайгырдык, эки жыл аралыгында көӊүл чөккөн күндөр көп болду. Ыр жаздырмак түгүл ырдоого көӊүл чаппай турган учурлар болду. Кайгы менен кубаныч эриш-аркак дегендей, жоготууларга кайгырып, жакшылыктарга кубанып чыгармачылыкка кайра кириштик. Жакында эки жакшы чыгарма жаздырууга жетиштим. Иличбек Касымбеков байкебиздин «Жеӊиш күнү», сөзү Качкын Оторбаевге, обону Жазгүл Жумакановага таандык «Айылга баратам» деген ырларды чыгардык, дагы жакшы эки чыгарма даярдап жатабыз. 

-  Ар бир 3-5 жылда бирден жеке концертимди берип турсам деген максатым бар деп айтканыӊыз бар эле…
- Чоӊ-чоӊ пландар бар эле. 2020-жылы операнын мекени Италияга барып, жер көрүп, таанышып, тажрыйба топтоп келсемби дегем. Тилекке каршы, ал оюм пандемияга байланыштуу ишке ашпай калды. Дүйнөдө, элде тынчтык болуп турса, бул оюмду 2022-жылы ишке ашырууга аракет кылам. Эӊ башкысы дүйнөдө тынчтык, элде ден соолук болсун. Ал эми жеке концерт тууралуу айтсам, ооба 3 же 5 жылда жакшы жеке концертимди берип турсам деген кыялым болгон. Коронавирус илдетине байланыштуу концерт берүүнү да токтоттум. Элди чогултуп, оорунун жайылуусуна себепкер болгум келген жок. Буюрса, баары алдыда, аманчылык болсо жакшы чыгармалар менен мыкты концерттерди көп беребиз. 

- Акыркы учурларда ырчылар да саясатка активдүү катыша баштады. Сиз саясатка кызыгасызбы, келечекте сизди саясий айдыӊдан көрүп калышыбыз мүмкүнбү?
- Саясаттан алыс эмесмин. Өлкөдөгү окуяларга көз салып турам. Мурда социалдык тармакта активдүү болуп, өзүмдүн пикиримди билдирип турчумун. Чыгармачылыкка байланыштуу азыр бир аз тыныгуу жасап жатам. Саясатка аралашсамбы деген ой бар. Саясатчы болот десе эле кызматка барып байып кетүү эмес. Тиш өткөн, колдон келген кызматка барып, элиме ак кызмат өтөсөм дейм, бирок бул да 100 пайыз эмес. Турмуш кайсыл нукка бурат аны учур көрсөтөт. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter