У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ырчы Самара Каримова жолдошу менен жол кырсыгына кабылды


 Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров 26-июлда жол кырсыгына кабылган. Унаада Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев дагы бар болгон. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгынан жаракат алган төрт адам Токтогул аймактык ооруканасына жаткарылганын, анын ичинде ырчы Самара Каримова да бар экенин 24. кg маалымат агенттигине билдирген.
 
Белгилүү болгондой, 26-июлда болжол менен эртең мененки саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 217-чакырымында Тойота Альфард унаасынын айдоочусу уктап кетип, бетон тосмону сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам Токтогул аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
 
Алдын ала маалыматтарга ылайык, унааны Самара Каримованын жолдошу Мансур Асанов айдап бара жаткан. Ал рулда уктап кетип, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Алдын-ала медициналык экспертизанын жыйынтыгында айдоочунун спирт ичимдигин ичкени аныкталган эмес жана ал жабыркаган эмес. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter