У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Шамбала" тасмасы Испанияда өтө турган кинофестивалга катышат


Режиссёр Артыкпай Сүйүндүков тарткан "Шамбала" тасмасы Испанияда өтө турган Imagine India Film Festival кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынан билдиришти.

Кинофестиваль 24-сентябрдан 9-октябрга чейин өтөт. Анда "Шамбала" киносу толук метраждуу тасмалар бөлүгүндө ат салышат.
Imagine India фестивалы Индия субконтиненти менен Азия, Испания менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган. Ар жылы улам бир мамлекетте өтүп турат.

Сүйүндүковдун тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.
"Шамбала" тасмасы быйыл 25-апрелде "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын уткан. Ошондой эле Орусиянын кинематографиялык искусство академиясынын "Ника" сыйлыгына татыган. 8-15-январда Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалда "Мыкты режиссура" сыйлыгына ээ болгон.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter