У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Опера жана балет театрынын ички интригасы кызматкерлердин иштен кетүүсү менен аяктаганы турат.


Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын ички интригасы дале токтой элек. Театрдын 10дой кызматкери иштен кетүү арызын жазышканын анда иштеген артистттердин бири маалымат булактарына кабарлады.

"Театрдын администрациясынын, көркөм жетекчинин жүргүзгөн саясатына каршы болуп 10дой кызматкер, арасында 25 жылдык тажрыйбасы бар концертмейстер болуп арыз жазганбыз. 2-июнда карантин деп балет бөлүмүнүн кызматкерлерин театрга киргизген жок, ошол эле учурда башка бөлүмдүн кызматкерлери иштеп жатышат. Эми 15-июнда карантиндик чектөө алынат. Жазган арызыбыз канааттандырылабы, жокпу ошондон кийин билинет. Биз башкы балетмейстер менен иштеше албай, анын ордуна башканы дайындоону талап кылганбыз. Бирок мурдагы көйгөйлөрүбүз ошол эле бойдон чечилбей келе жатат. Мен 12 жылдан бери театрда эмгектенип келе жатам, биздин маселелелер ошол бойдон калууда", - деди балет бийчиси.

Аталган театрдын директору Керим Турапов болсо иштен кеткиси келгендер кетет экенине токтолду: 
"Алардын талабы башкы балетмейстерди иштен алуу болуп жатат. Мен эч кимди иштен алып коё албайм, алар дагы артисттер. Арыз жазгандардын арызы канааттандырылат".

Эске салсак:
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-мартка белгиленген спектакль коюлбай калган. Анда театрдын айрым артисттери коммерциялык спектаклге акы төлөнбөйт деп баш тартышкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter