У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кожогелди Култегин, Кыргыз эл акыны: "Кудайым кыргызга аябай эле боор тартты. Кытайдын кычыгында жайгашса да, дартты кечинен берди"


МУРДУН БАЛТА КЕСПЕГЕН КЫРГЫЗЫМ, КЫРГЫЗСТАНДЫГЫМ, САГА АЙТАМ!
1.
Мурдун балта кеспеген кыргызым, кыргызстандыгым, таажывирус Кыргызстанга ажывирус болуп келгенинин өзүндө баш мычкып ойлоно турган маселелер жатат... Кыргызстанды бүгүн кыргын кооптуулугуна кептештирүүгө себепчи болуп аткандар да, негизинен, ошол удургуп Умрага баргандар менен далбактап дааватка чыккандар болуп атканы чындык. Андыктан, айрыкча молдокелер башын ийнине катып, үнүн басып – айыпты тереңден сезиниши керек эле. Ага карабай, башканы кой, атактуу деген, абройлуу деген, илим-билимдүү деген Абдышүкүр Нарматов ажыкебиз, апааттын талабын тааныбай, мечиттер бош калды деп ыйлап олтурганы, болгондо да, маңдайына видеочуну чуркаттырып коюп көз-жашын чубуртканы – бүгүнкүнүн типтүү образы болуп калды.
Ардактуу ажыке, бул апаат – Кудайымдын берген сыноосу! Видеосуз эле Кудайым аны көрүп турат. Сиз элге-журтка эмес, биринчи кезекте Кудайга бош мечитти көрсөтүп, доомат артып жатпайсызбы?..
Ал эми ажыке кейип атат деп ары жактан намазга жүгүрүп келаткандардын – таажывируска жүгүрүп келаткандардан эмне айырмасы бар? Алар бир кишинин көңүлү деп – миң кишинин өмүрүнө коркунуч алып келерин түшүнбөй жатышат дале. Урматтуу Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун ыйласаңар дагы, ырдасаңар дагы азыр элге-журтка көрсөтпөгүлөчү деген сөзүнүн маанисин ар тараптуу аңдашыбыз абзел.
Кудайымдын сыноосу ушул болуп атпайбы, бүгүн эл чогулган жердин баарысы – аты жаман вирускана. Жайкы саратанда... жайлоодо мал-жан көп болсо көгөөн-чымын дароо ызылдып көбөйөрүн, мал-жан жок болсо көгөөн-чымын дароо сээлдей түшөрүн билесиз. Вирус да кудум ошонун өзүндөй – адам көп чогулган жерлерде жайнай түшөт экен тимеле! Ал турсун ыйык мечитте да “Ассалоому алейкум Рахматулла...” дегениңде – “Аллейкума ассалоом...” деп вирус чыга калышы толук ыктымал экен. Муну Кудайым өзү берген акыл менен таанышыбыз керек азыр! Кудайым адамга акылды жөн эле берип койгон эмес.
Минтип какшанып кепти мечиттен баштаганым, мындан ары да эпидемияга себепчилер ыйык исламды тутунгандар болобу деп жаным жок. Сузактык ата-баланын ажы тоюнун учу кечеги вирус жуктурган 84 кишиге 10 кишинин кошулган жеринен дагы даана көрүндү. Пакистанда дааваттап келген нарындык аксакалдын жүрүшү – өзүнчө жер сабата турган көрүнүш болду. Дагы канча балакеттер чыгат. Фейсбукта бул сүрөөнү окуп жүрсөңөр – оору, кырсык келбейт деп жазгандар да жанды кашайтат. Ошол сурөөнү ичинен окуп алып, ойду-келди көчөлөп кетишкендер толтура чыгабы деп. Натыйжада, Кудайым өзү жар болсун, андайлар канчалаган ооруга, канчалаган өлүмгө себепчи болушу мүмкүн. Мындан сырткары, ыйык диндин кадырын, баркын кетирип, ислам десе айрымдардын итиркейин келтире турган акыбалга жеткириши мүмкүн.
Бүгүнкү күндө бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө намазкөйлөр айрыкча проблема жаратууда. Индия, Пакистан баштаган бир катар өлкөлөрдө элди мечиттен полицейлер таяк менен чычыра сабап айдап чыгууга аргасыз. Беш убак намазын үзбөй окуган Чеченстандын Президенти Рамзан Кадыров мукураганда: “Эгерде мага койсо силерди өлтүрүүгө буйрутма бермекмин,” – деп жарылды Меккеден кайткандарга.
Айтайын дегеним, бул апаат учурунда Кыргызстанда дагы айрыкча ушул катмарга бөтөнчө-бөтөнчө дыкат көңүл бурулбаса, айоосуз талап коюлбаса болбой турат. Эң оболу, алардын аң-сезимдүү бала-чакалары, үй-бүлөлөрү, жакындары жардамга келиши – бирден-бир, бирден-бир шарт!
2.
Мурдун балта кеспеген кыргызым, кыргызстандыгым, бүткүл дүйнөнүн эли азыр эки үмүт менен жашап атышат. Биринчиси, күн ысып кетсе – жаратылыштын жардамы менен апаат жалп этип өчөөр деген үмүт. Экинчиси, вакцина чыгып, колдонууга берилип калар деген үмүт. Кыргызстанда таажывирус жаңы башталды. Ошондуктан, азыркы ар бир ирмемдеги, ар бир сааттагы, ар бир күндөгү башкы милдет – таажывирусту көп таратпай туруу. Көп таратпай кармап туруу. Таратпаш үчүн – Кудай деп өзгөчө дыкат болуп, өзүңүзгө, үй-бүлөңүзгө жуктурбашыңыз керек. Жуктурбаш үчүн Кудай деп өзгөчө дыкат болуп, үй-бүлөңүз менен үйүңүздө жатышыңыз керек сыртка чыкпай. Болгону ушул. Рамис Рыскулов айтат: “Халтурщик акындын жазбай койгону эле – анын адабиятка кошкон чоң салымы...” – деп. Анын сыңарындай, сиздин азыр үйдөн чыкпай олтурушуңуздун өзү эле – эли-журтуңузга, мамлекетиңизге кошкон чоң салымыңыз. Өтө чоң салымыңыз!
Анан эмне эле ар күнү адыраңдап көчөдө жүрөсүз? Анан эмне эле базарларда жөөлөшөсүздөр эч нерседен капарсыздай? Маселен, Италия менен Испания так ушул тоготпостуктун, таназар албастыктын айынан жана “чогуу алдын алып атабыз, чогуу дарыланып атабыз” деп кафелерде ырахаттана ыстакан кагыштыра бергендиктин айынан азыркинтип кыйрап олтурат! Көрдүңүздөрбү, себеби өтө эле жөнөкөй. Тааживирус ташпиши кудум өрттөй болгон нерсе экен! Токтотсоң – башында токтотуп калдың. Токтотпой, тоготпой койсоң эле – алоолоп-жайылып өчүрүүгө болбой калат экен. Күн сайын 1000ге жакын кишисин жоготуп атышат аталган өлкөлөр. Жашы өйдөрөөктөр менен менен жагдайы оорлошкондор каралбай калган учур көп. Жашыраактарын, оорусу жеңилирээктерин сактап калсак – чоң иш деп... Каржыны, убакытты бөөдө кетирбей, мал болчуларына аракет кылалы деп...
Өмүр менен кош айтышып жаткандар акыркы сааттарында эки нерсени ушунчалык жалдырап суранышат имиш догдурлардан. Биринчиси, бир-р жакшылап... кере дем алдырып койгулачы, кагылайындар, анан кете берейин дешет экен. Экинчиси, үй-бүлөмдү, бала-чакамды бир көргөзүп койгулачы, кагылайындар, анан кете берейин дешет экен. Тилекке каршы, жолуктурганга уруксат жок... Түшүнүп атасызбы бирдемени?
Дүйнөнүн көңүлүнүн борборунда болуп жүргөн Италия менен Испанияны кыйраканга салган бул апаат, бул тоготпостук, бул таназар албастык кыйрайган Кыргызстанды эмнеге алып барарын элестетип көрбөйсүзбү бир?! Башкаларын айтып сөздү көбөйтпөйлү.
Билген киши билер, Кудайым кыргызга, кыргызстандыктарга аябай эле боор тартты. Кытайдын кычыгында жайгашса да, дартты кечинен берди. Сабак ала турган жагдайлар, сактануу жолдору толуп-ташкандан кийин берди. Эми ушундай башталыш мүмкүнчүлүгүндө ар бир адам Кудайым берген башты иштетип – ойлонуп иш кылыш керек эмеспи өзү үчүн? Айтып койоюн, Кыргыз мамлекети, Кыргыз өкмөтү колунан келгенинин баарысын жасап атат. Башка мамлекеттерге, мурдагы-кийинкилерге салыштырып карап олтурабыз алыстан – жасаган ушунчалык эле болот өзү. Калкыбыз өзү кайдыгер сыяктуу...Калкыбыз өзү өзүнө кайдыгер... Ойлонуп көрсөм, мунун жүйөсү Кыргызстандын калкынын ашкере саясатташып кеткендигине барып такалат шекилдүү. Эмне жамандык болсо – бийликке, акүй-көкүйгө шылтап... Азыр да кудум ошондой мамиле... Эртең, кокус, жамандык басса – башканы күнөөлөй турган башыңызды өзүңүз жоготуп аларыңызды түшүнүңүзчү, айланайын...
Жанымдын күйгөнү – дале Кыргызстандын көчөлөрүндө самсыгандар, жөөлөшүп-додолошкондор, кежигелерин жытташып кезекте тургандар толо. Андай жөөлөшмөйлөрдөн, андай кезектерден коркуш керек азыр. Эмне, дүйнөнүн канчалаган жерлеринде додолошкон, кезекте тизилип турган гробдорду көрбөй атасызбы?..
Сталиндин эсти эңгиреткен бир сөзү бар: “Бир киши өлсө – трагедия. Көптөгөн киши өлсө – статистика...” – дейт. Кудайым ошол статистикадан сактасын... Чындыгында өлүмдүн дагы дөөлөттүүсү болорун бүгүн ойлонуп коюшубуз керек. Сексен-токсонду серпип өлгөн, албетте, дөөлөттүү деңизчи. Ошондой эле тынчтык күндө, калдайган калкыңдын алдында, бала-чака, жакындарыңды чыңыртып, молдокелердин бир-экөөсүн монтойтуп олтургузуп коюп коштошкон да – дөөлөттүү өлүм! Кыргызымды, кыргызстандыгымды таажывирустун өлүмүнөн сактасын, Кудайым! Айтпасам да ары жагын түшунүп турасыз...
Бүгүнкү сиздин душманыңыз – сизди кордогондор эмес. Бүгүнкү сиздин душманыңыз – жөнөкөй эле колдор. Көчөдө сизге салам берип сунулган колдор. Бүгүнкү сиздин душманыңыз – сизге тукургандар же тукурулгандар эмес. Бүгүнкү сиздин душманыңыз – жөпжөнөкөй эле тутка. Коомдук жайлардагы ар ким кармаган тутка. Бүгүнкү сиздин душманыңыз – көзүн акырайткандар эмес. Бүгүнкү сиздин душманыңыз – жөнөкөй эле акча. Сизге кайтарылган же сизге сунулган акча. Душмандын туу чокусу – сизге жайылган кучак, жаагыңызга жабыша түшчү эрин!
Мындайча айтканда, ушул сыяктуу жеңил эле нерселер. Ошол жеңил эле нерселерден баш тартып койбой, баш тартыш үчүн үйдөн чыкпай жатпай – Кыргыз мамлекетине, Кыргыз Өкмөтүнө, Кыргызстан калкына кыйсыпыр салганы турасыз. Эртерээк эсибизге келбесек болбойт!
Илгерки жортуул замандарында адамдан артык атты сактагыла, адамдан артык атты баккыла. Жеңишке ат жеткирет деп эле какшанып атышчу экен. Бүгүн биз адамдан артык медиктерибизди, догдурларыбызды сакташыбыз керек! Жеңишке биринчи кезекте ошолор жеткирет! Өзүбүзгө, үй-бүлөбүзгө, жакындарыбызга бата бергенде ак халатчандарыбызга кошо бата бергенден аянбайлы. Өзбекстан чордондо иштеп жаткан догдурларга 2600 доллардан төлөй турганын угуп ыраазы болдум. Ыраазы кылар жагдайлар Кыргызстандан да табылар!
Ошол догдурларыбыздын калкка карата суранычтары деле жөпжөнөкөй. Бирок аткарылбаса – арты өтө өкүнүчтүү. Маселен, колуңду самындап жуу... колуңду жуу... колуңду жуу. Болбосо бактыңдан кол жууп каласың...
... Ачуураак айтып алдымбы деп сиздерден кечирим да сурагым келип турат бир жагы... Бирок ачуураак айтканга аргасызмын...
Кожогелди КУЛТЕГИН, Кыргыз эл акыны.
Анкара шаары.


Пикир калтыруу
  • Eojcua
  • 27-11-2022, 16:05
  • : 16:05
    • Нравится
    • 0
levaquin 500mg ca levofloxacin us
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter