У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лев Лещенконун абалы жакшы, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду



Адамзаттын айласын кетирип жаткан жаман вирус орус совет эстрада ырчысы, РСФСР эл артисти Лев Лещенкого да жеткени, эл артистинин абалы начарлап, жандандыруу бөлүмүнө которулганы маалым болгон. Бактыга жараша миллиондогон күйөрмандардын сүймөнчүнө айланган легендарлуу ырчынын абалы жакшырып, кадимки палатага которулду.

Бул тууралуу досу Игорь Крутой жергиликтүү журналисттерге кабарлаган. "Учурда абалы жакшы, кадимки палатага которулуп, дем алганы жакшырып калды" , - дейт эл артистинин сахналашы. Ага Лещенко тууралуу маалыматты эл жубайы  Ирина Лещенко айтып берген.

Ошондой эле ырчы вирусту Игорь Крутойдун эжесинин юбилейине барган жерден жугузган деген айың кептер тараган. Өз кезегинде Игорь Крутой мындай сөздү кечеге чакырылбай калган белгилүү журналист Ксения Собчак чыгарганын, ал ич күйдүлүктөн кечедеги бардык адамдар аталган вирус менен оорушу мүмкүн деп жазганын журналисттерге айтып берген.

"Бардыгыбыз кудайдын колундабыз. Оорудан интрига жасаган адамдарга ден-соолук каалайм" дейт Крутой. Ал эми Ксения Собчак "Игорь Крутойдун эжесинин юбилейинен кийин Лещенкодон вирус аныкталган. Демек кечедеги бардык адамдар вирусту алып жүрүүчү менен бирге тамактанган" деген маалымат тараткан. Учурда артисттердин көпчүлүгү тест тапшырууга шашылып жатканын орус басылмалары жазып жатышат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter