У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улукбек Омокеев Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды


Бүгүн, 1-апрелде Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков Ош облусундагы акын-жазуучулар менен жолугушуу өткөргөнүн мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда ал жазуучулар союзунун ишмердүүлүгү, аткарылып жаткан иштер, келечек максаттары боюнча маалымат берген. Анда көп жылдан бери чыгармачылык менен жигердүү эмгектенип, адабиятка салым кошуп келе жаткан акын-жазуучуларга Жазуучулар союзунун “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылган.

"Ош облустук бөлүмүнүн жетекчисинин кызмат мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы жетекчи шайлоо маселеси каралды. Төрага Нурлан Калыбековдун буйругу менен Алыкул Осмонов, Эгемберди Эрматов атындагы адабий сыйлыктардын лауреаты, Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Улукбек Омокеев Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Зор ишеним менен жооптуу ишти колго алган Омокеев улууларга ыраазычылыгын билдирип жатып: “Устаттарыбыз колдоо көрсөтүп, кеңештерин аябай берип турса, шилтеген камчыңыздар катары иштеп берүүгө даярмын” деди", - деп жазылат маалыматта.

Улукбек Омокеев 1988-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында төрөлгөн. Ошол эле айылда Беделбай Исаев атындагы орто мектебин 2006-жылы аяктап, 2011-жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 2011-жылдын сентябрынан тартып “Нур”гезитинде редактор болуу менен баштап, 2013-жылдын сентябрынан “Билим лицейинде, 2014-жылдын сентябрынан бери ОшМУнун журналистика кафедрасында окутуучу жана 2017-жылдын сентябрынан бери ОшМУнун Киноакадемия факультетинин директору болуп эмгектенген.
“Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар” “Ата-сүйүү” ыр жыйнактарынын автору. Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын, Э.Эрматов атындагы адабий фестивалдын лауреаты ж.б сыйлыктардын ээси жана “Жигер” чыгармачыл жаштар борборунун негиздөөчүсү. ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча департаментинин директору. 2019-жылдан бери КРнын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter