У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенге концерт койгону баратып оодарылган аскер унаасында Залина Касымова, НурЧолпон болгон


Бишкек — Ош унаа жолунда оодарылган аскер унаасынын ичинде ырчы НурЧолпон, кыякчы Залина Касымова дагы болгон.
Эске салсак, кечээ, 29-мартта, түштүк регионундагы аскер бөлүктөрүнө концерт койгону бараткан чыгармачыл топ Жайыл районунун аймагында кырсыкка кабылган. Генералдык штаб мунун кесепетинен бир аскер кызматкери жеринде мерт болгонун тастыктаган.

Касымова Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна кечээ саат 17:00дө түшкөн. Оорукананын маалымат кызматы кыякчынын мээси чайкалып, акыреги сынып, мойну жана буту-колу жабыркаганын билдирди.

Кырсыкка кабылган дагы үч артист учурда Беш-Күнгөй айылындагы аскер госпиталында жатат. НурЧолпондун апасы Мейликан Эмилбекова кырсыктан кийин ырчылар беш саат бою каралбай ара жолдо калганын айтып нааразычылыгын билдирди.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter