У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айтылуу манасчы Талантаалы Бакчиев 50 жашта! Шакирттери куттуктайт


 
Айтылуу манасчы,  Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Фольклористика тармагында филология илимдеринин доктору, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасынын" ээси Талантаалы Бакчиев 50 жашка толду. Шакиртери куттукташат.

Элибиздин багына бүткөн Манас сөзү араб элдеринде жана ыйык Куранда дагы кездешет. Ал "Ля Манааси"-деп, "адамдар корголой турган жер" деп которулат. Ал эми буддистерде алты сезимдин бири  катары каралып, алардын ичинен эӊ жогорку сезими деп саналат. Дүйнөнүн калчап турган эки маданияттын өзөгүндө өзгөчө орду бар "Манас" сөзү ак калпак элдин ыйыгы экендиги талашсыз. Менин пикиримде, динибиздин тарыхында бир дагы элди куру калтырган жокмун, баарына Пайгамбар жөнөтүлдү деген маалыматтар бар. Бул сөзгө таянсак Ала-Тоо коюнун мекендеген элге Манастан башка ким келди деген суроо туулат. Албетте Манас атабызды Пайгамбар деген сенсациядан алысмын, бул болжолдуу ой гана...

Кандай болгондо дагы адам акылынан сырт болгон, сыйкыр дүйнө сыяктуу жогорку акыл-эс же чексиз ойдун ченемсиз күчү болгон "Манас" эпосун алмадай башка батырып, ааламга жар салып келе жаткан манасчылар. Адамдын эле эмес табияттын тилин билген элибиз бардык нерсеге калыс карап, баалай билген. Калк арасынан кадыр тапкан алп жомокчулардын бири Чоюке Өмүр уулу. Жомок айтып жүрүп жомокко айланып кеткен аталган атабыздын өмүрү жана чыгармачылыгы өзүнчө баян. Туулганынан баштап керемет кубулуштар коштоп олтуруп улуттун жүзү болууга жетиштирген. Өнөрү менен эле эл эрмеги болбостон саясий жана коомдук иштерге дагы өз салымын кошуп тургандыгын тарых тастыктайт. 

Чоюке манасчыдан башталган уңгулуу башаттын улоочулары Азиз Өмүр уулу, Шаабай Азиз уулу жана Талантаалы Алымбек уулу. 
Сөз төркүнү, ток этер жери так ушул Талантаалы манасчы тууралуу болмокчу. Учурдун Чоюкеси дегенибиздин дагы жөнү ушунда. Элибиздин аң-сезиминде манасчы десе эле молдош урунуп олтуруп алып, көздү жуумп, кол жаңсап жаткан киши элестейт. Ырас, аныгы ошол. Бирок, манасчылардын эл билбеген кошумча дагы өнөрлөрү бар. Кайып каскагынан Кудай даарыган касиетке дагы эгедер инсандар. Мен бүгүн Бакчиевдин бейнесин башка өңүттөн ачканы жатам. 

Коомдук ишмер Бакчиев.
2010-жылы Апрель элдик революциясынан кийин күнөстүүү Кыргызстандын эгемендүү тарыхында кайра жаралуунун жаңы башаты, экинчи секириги башталгандай болду. Айрыкча, элдин духун көтөрүүчү маселелер мамлекеттин негизги өзөгү боло баштады. Ошол күүнүн ичинде "Манас" эпосу жөнүндө мыйзам жазылса, Манас таануу сабактары ЖОЖдорго киргизилип, программасы иштелип, мектеп программасында Манас таануу таймаштары уюштурулуп, манасчылардын чыгармачылыгы тасмаларга түшүрүлүп, манасчылардын түрдүү иш-чаралары максаттуу уюштурулуп, манасчылар парктары ачылып, манасчылардын варианттары жана манасчылар жөнүндө китептер бастырылып, конуштарга ысымдары берилип,  мектептер түптөлө баштады. Аталган иштердин дээрлик башында жана туу түбүндө Бакчиев Бакайдай эле турду. Манасчылардын коомдогу ордун арттырууга, пропагандалоого Бакчиевдин эмгеги нар көтөргүс. Чейрек кылымдык тарыхы бар өлкөбүздүн коомдук жана саясий иштерине дагы Бакчиев ичинен аралашып жалпы манасчылардын маселесин өлкө жетекчилигине жеткирип келүүдө. Чоюке атабыз дагы Кыдыр акенин жанында жүрүп коомдук иштерге өз салымын кошуп жүргөн. Балким, Арык элинин үркпөй калышына Чоюке атабыздын дагы салымы бардыр...

Профессор Алымбекович.
35 жылдык педагогикалык стажысында ЖОЖ канчасына лекция окуп, көлөмдүү макалаларды жазуу менен бирге илимий ишмердүүлүгүн Кыргызстандын эле эмес дүйнөнүн төрт тарабына таанытты. Бир нече эл аралык жана дүйнөлүк илимий клубдардын мүчөсү болууга жетишти. Орто Азиянын фольклористика багыты боюнча окумуштууларынын башын бириктирип Эл аралык "Манастаануучулар" ассоциациясын түздү. Бир нече эл аралык илимий экспедицияларга катышты. Алымбековичтин түзгөн программасы Республикабыздын дээрлик ЖОЖдорунда усулдук колдонмо жана окуу куралы катары колдонулууда. 30дан ашык монография, 90дон ашык илимий макалалары жарык көргөн. Албетте, манасчылык мектебин дагы түзгөн. 
Бул жаатта дагы Чоюке атабыздын дублёру. Чоюкенин шакирти Саякбай эле канчалык...

Манасчы Такен ава.
Манас атабыздын баянын айтуу өзүнчө сыймык. Бирок "Манас" эпосун оозангандын баары эле манасчы деген ат менен тарыхта калышы күмөндүү маселе. Кыргыз тарыхында алтын тамгалар менен калуу үчүн манасчы өздүк вариантын калтыруу менен бирге элдин жүрөгүнөн түнөк таап, өзүнүн мектебин түзүп, шакирт тарбиялашы шарт. Бул багытта дагы Такен ава жемиштүү. Дээрлик салтуу манасчылыкка мүнөздүү болгон көрүнүштөргө ээ. (Табыпчылык, айтымчылык, дем салуу ж.б.у.с бир катар касиеттер)

Эл эрмеги жана улут жүзү болгон манасчылардын аксакалы жана элибиздин сыймыктуу уулу, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2018), Фольклористика тармагында филология илимдеринин доктору (2018), К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин ардактуу профессору (2013), Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү (2006), Кыргыз Республикасынын "Ардак грамотасынын" ээси (2011), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ардак грамотасынын" ээси (2016), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ардак грамотасынын" ээси (2018). Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын "За заслуги в развитии культуры и искусства" төш белгисинин ээси (2015), Кыргыз Республикасынын «Маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси (2010), «Манас эли» Коомдук бирикмесинин «Манас» төш белгисинин ээси (2010), Кыргыз Республикасынын "Билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгисинин ээси (2013), "Кыргыз тили" төш белгисинин ээси (2012) Бакчиев Талантаалы Алымбек уулун эр ортону элүү жаш кутман курагы менен куттуктайм. Эл ичинде эсен жүрүңүз. Тоо суусундай элирген эргүү жана саламаттык тилейм. Дөөлөттүү карылыкты каалаганым менен кыйбай турам. Бир үйдө эки доктор эриш-аркак эле улутубузду өргө сүйрөй бериңиздер. Элдин батасынан айрыбасын сиздерди таалайлуу тагдырыңыздар. 

Автор: Азиз Биймырза уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter