У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Хабибилла Азиреткулов: "Өткөөл куракта Байзак менен Акмаралдын үнү бузулчу болсо, ата-энелери күнөөлүү болот "


Кыргыздын алдыңкы обончуларынын бири Хабибилла Азиреткулов интернет жылдызына айланып жаткан мукам үндүү жаш ырчылар
Байзак Кубанычбек уулу менен Акмарал Эркинбек кызынын ата-энелерине эскертүү берди. Обончунун айтымында мукам үндүү өспүрүмдөр өткөөл курактан өтүп кеткиче үнгө күч келтирген ырларды ырдабай турганы оң.

"Бул макалам социалдык тармактарда популярдуулукка ээ болуп жаткан таланттуу ырчы кызыбыз Акмарал Эркинбек кызы менен таланттуу ырчы балабыз Байзак Кубанычбек уулуна жана жалпы эле өспүрүмдөргө, ата-энелерге арналат. 

Адам баласына жараткан акысыз, эч бир аналогу жок, укмуштуудай уникалдуу көп белектерди берген экен. Анын бири үн. Ал аркылуу кишилер сүйлөй алат, ырдай алат, күлөт, ыйлайт ж.б. Кишинин үнү- анын визиттик карточкасы деп бекеринен айтылбайт да. Биз ошол үндөр аркылуу бири-бирибизди таанып, ажырата алабыз. Бири жоон, бири ичке, бири назик, бири ачуу, бири коңур, бири кырылдаган үндөр... Кыскасы жашоодо миң түрдүү үндөр бар. 

Бүгүн мен силерге балдардын үнүн кантип өз учурунда туура сактап, туура тарбиялоо керек экендиги жөнүндө азыноолак айтып берейин деп чечтим. Албетте, мен тамак же үн боюнча адис эмесмин. Музыка мугалими катары бизге окутуп, үйрөткөндөрүн жана буга байланыштуу жашоодон алган тажрыйбаларымды ортого салбасам болбос.  Балдарыбыз күн санап өсүүдө, бой жетүүдө. Бул абдан кубанаарлык нерсе. Боюнун узаруусу, баскан-турганынын, үнүнүн өзгөрүүсү сыяктуу көп нерселер уул-кыздарыбыздын эрезеге жетүүсүнөн кабар берет. Демек, бул көрүнүштөр балдарга мурдагыга караганда да көбүрөөк көңүл буруу зарыл деген ишара. 

10 жашка чейинки кичинекей балдар, кыздардын үндөрүн алыстан угуп кайсынысы эркек, кайсынысы кыз экенин ажыратуу кыйын. Ал үндөрдү музыканын тили менен айтканда "дисканттык үндөр" дейбиз.  Убакыттын өтүшү менен ошол наристелердин үндөрү өзгөрүлүп баштайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан, эмне үчүн үн өзгөрөт? Өзгөрүү процессин эмне дейбиз? Үндү сактоодо, жоготуп албоодо эмнелерди жасоо керек, эмнелерди жасабоо керек деген сыяктуу көптөгөн суроолорго жооп издеп көрөлү.

Мута́ция (лат. mutatio — өзгөрүү) деген маанини билдирет. Организмдеги табигый же жасалма жолдор аркылуу күтүүсүздөн болгон өзгөрүүлөрдү "мутация" дейбиз. Эрезеге жетүү (жыныстык жактан жетилүү) үндүн өзгөрүүсүнө алып келет. Андыктан бой жеткен балдар, кыздарда сөзсүз ал мезгил болуп өтөт. Мээлүүн климаттарда жашаган өспүрүмдөрдүн үндөрү бир аз кечирээк өзгөрүлө баштайт. Ысык жактарда жашагандардыкы эртерээк башталат. Үндүн өзгөрүү процесси төмөнкүдөй жаш курактарга бөлүнөт:
1) Мутацияга чейинки мезгил (10-11 жаш). Бул учурларда балдардын үнү дээрлик өзгөрүлбөйт. Назик, тунук, уккулуктуу болот. Бирок, организм келечектеги өзгөрүүлөргө даярдык көрө баштайт.

2) Мутация мезгили (12-15 жаш). Өтө олуттуу курак. Бул куракта балдар, кыздар физиологиялык жактан жетилип, үндөрү байкалаарлык деңгээлде өзгөрүлө баштайт. Балдардын үнү кадимкидей корулдап, жоон болуп чыга баштайт. Ал эми кыздардын үнү балдардыкы сыяктуу өзгөчөлөнүп угулбаса да инкубациялык формада олуттуу түрдө өзгөрүүгө дуушар боло баштайт.  Мутация мезгили 2 айдан 2-3 жылга чейинки мөөнөттө жүрөт. Баса белгилей кетчү нерсе, эркек балдарга салыштырмалуу кыздардын үн өзгөрүү процесси көпкө созулат. Кыздар 15-16 жашта кайрадан, экинчи жолу өзгөрүүгө кабылуусу да мүмкүн. Андыктан, бул маселеге жеңил- желпи мамиле жасабашыбыз керек. 

Негизги белгилери: кээ- кээде тамак ооруйт, кычышат, тамакта, үн чыгаруучу мембраналарда дискомфорттук абалдар пайда болот. Кээ бирөөлөрдүкү оору менен коштолот. Бул учурду ата-энелер жана мугалимдер байкап, билиши шарт жана ырдатууга чектөө киргизүү зарыл. Мутация- баланын үнүн түбөлүккө өзгөртө турган негизги фактор. Андыктан, бул учурда катуу сүйлөөгө, кыйкырып, бакырып, чыңырууга ошондой эле жогорку диапазондогу ырларды ырдоого мүмкүн эмес. Зарыл учурларда жарым тон, бир тон төмөн ырдаса болот. Байкабастан ырдап жүрө берип үнүн, тембрин биротоло жоготуп алган ырчы балдар-кыздар көп болгон. Дисфонияга (үндүн бузулуусуна) кабылбаш үчүн мутация мезгилинде үнгө өзгөчө көңүл буруп, сактаганга аракет кылуу зарыл.

3) Мутациядан кийинки мезгил (16-18 жаш). Бул курактарда өзгөрүү процесси толугу менен өтүп бүтөт. Тамактагы үн чыгаруучу мембраналардын ар бир талынын көлөмү балдардыкы 2/3 бөлүккө, кыздардыкы 1/3 бөлүккө чейин жоонорот. Ошентип, жетилүү курагында жүргөн мутациялык процесс- үндүн күчүн, тембрин, диапазонун олуттуу түрдө өзгөртүп, толугу менен калыптандырып бүтүп, өзүнүн жумушун жыйынтыктайт. Ошого карабастан бул курактарда да өтө эле катуу кыйкырууга, катуу ырдаганга болбойт. Үнгө байкоо жасап, ыңгайына жараша аракет кылуу абзел. Демек, 12 жаштан 17 жашка чейинки убакыт өтө жоопкерчиликтүү убакыт саналат. Келечекте балдарыңардын үнү жагымдуу, уккулуктуу болсун десеңер ар дайым көзөмөл жүргүзүп тургула. Үн бир эле ырдоо үчүн керек эмес. Мукам үн адамга көрк кошот, ажарын ачат, сүйкүмдүү көргөзөт. Кокустан мутация учурунда балаңардын үнү бузулуп калчу болсо түздөн-түз силер күнөөлүү болосуңар. Балдардын келечеги ар бирибиздин колубузда!

P.S. Бүгүнкү күндө эл арасында популярдуу болуп жаткан Акмарал Эркинбек кызы менен Байзак Кубанычбек уулу экөөн жакындан таанып билгендер болсо менин саламымды жеткирип койгула. Бул наристелер биз сөз кылып жаткан мутация мезгилинде үндөрүн дисфонияга жеткире койбой, толугу менен сактап, тарбиялап кала алса келечекте кыргыздын туусун желбиреткен мыкты ырчы жигит, кыздардан болооруна толук ишенем. Буларды азыр куу- сүрөөнгө алып, биринен сала бирин ашыра мактап, ырдата бербей эртеңки келечегин көбүрөөк ойлонсок жакшы иш болот эле".


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter