У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Эмнеге бай эркекти кармаптыр деп мактайбыз?"& "Түздөн түз көрө албастык..." Актилек менен Анжелика кайым айтышууда


Социалдык тармактар аркылуу коомдогу көйгөйлөр, ой-толгоолору менен бардык эле атактуулар байма-бай бөлүшүп турушат. Белгилүү диктор, алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы да акыркы убактагы коомго таасири күчтүү тийип жаткан айрым айымдар, аларды ээрчий өсүп келе жаткан, мисал кылган, кумир туткан жаштар тууралуу оюн бөлүшкөн: 

"Эмне үчүн биз "кымбат жашоосун" мактангандарды кумир тутуп калдык? Эмне үчүн биз бай эркектерди "колго алган" айымдарды "Азамат экен! Колуңдан келсе жетип ал!" деп калдык? Кийген кийимге, жеген тамакка, жашаган үйгө баа берип, суктанган кандай муун өсүп келе жатат? Жаштар турсун, улуу муундун өкүлдөрү деле: "Ой, тиги азамат экен, бай эркекти кармаптыр!", - деп калды. Акыркы учурда ушул сөздү көп укмай болдум. Бул кандайча түшүнүк? 

Качан чыныгы таланттуу, билимдүү адамдарга суктанып үйрөнөбүз? Кыргызда ушунчалык жөнөкөй, ушунчалык таланттуу, ушунчалык билимдүү, акылын уурдай турган инсандар абдан көп. 

Кыргызстан эгемендүүлүгүн качан алгандыгын билбеген "жылдыздардын" кайсы акылын уурдашат? Алар эмнелер жөнүндө жазышат, мисалы? Алар кыргыздардын басып келген жолуна, биздин эл кайсы улуттар менен тектеш экендигине, кыргыздын гаплогруппасы кандай экенине, эмне үчүн Чыңгыз Айтматов "Тоолор кулаганда" чыгармасын татаал сюжеттик линия менен жазгандыгына, заманыбыздын белгилүү философу Ноам Хонскийдин "Культ государства" китебине кызыгуу эмне үчүн күчөп жаткандыгына, эмне үчүн англис тилдүү психологдор Ф.Достоевскийдин чыгармаларынын оригиналын окугусу келерине, Освальд Шпенглердин "Закат Европы" деген китеби бүгүнкү күндө эмне үчүн актуалдуу болуп жаткандыгына, XXI кылымдын залкар композиторлору кимдер экендигине кызыгышпаса деле керек... 

Сүйүүгө келсек. Сүйүү - бул кымбат автоунаа, 3 кабаттуу үй же бриллиант шакек эмес. Сүйүү - бул кыш чилдеде балмуздак жеп, үшүгөнүңдү билдирбей эс алуу багында жетелешип басуу... Сүйүү - бул аялдамада дилдиреп автобус күтүү... Сүйүү - бул нөшөрлөгөн жамгырда калып, бир күрмөгө баш катуу... Сүйүү - бул ээрчишип алып, бүт шаарды жөө кыдыруу... Сүйүү - бул ысык-суукка карабай таң атканча сүйлөшүп отуруу..." деген диктор айым.


Көп өтпөй Гүлжигит кызына жооп кылып, ырчы Анжелика Кайратовна өз ою менен бөлүштү:


"“Бриллиант шакегине, үйүнө, унаасына мактанган жашоо болуп калыптыр” деп асмандан түшкөнсүп кээ бирлер сөз кылышат. Түздөн -түз көрө албастык. Ийгилике өз кучү менен жеткендер антип айтпайт! Жетпей туруп  сасык дегендер ошондой болот. Шылтоо айтып, “бай күүйөө тааптыр” деп. Ар кимдин табити, жашоосу ар башка! Кээ бирлер жакшы жашоого умтулуп, кыялданып, ден-соолугуна карабай талпынып, жалкоолуктан арылса, кээ бирлер космоско учсам дейт. Анын эмнеси бар?

Буйруса, абдан белгилүү болуп, оорусаңар дагы жылмайып иштеп, тобоколдикке барып, өзүңөргө күч берип, тытынып иштесеңер - баарын сатып деле аласыңар! Жашоо силердики болот. Бир нерсени түшүнбөй, же бирөөдөн көз каранды болсоңор өскүлө! Жаман эле сүйлөп, шылтоо айтып бир орунда турбагыла! Акыл сынгандардын теориясына эмес, басып өткөн жолун карап, практикасына басым жасай байкалы. Мага азыр ашын берсе ийилип алып, ташын ыргытса, андан жол курчу болдум. Кудайым мага пандемияда элиме болгон сүйүүмдү өзүм үчүн гана текшерип алууга мүмкүнчүлүк берди. Миллиондогон акчаларга кесипкөйлөр байлардын үйүндө кызмат кылып, алардын гана үй-бүлөсүн даарылап, карапайым элди ыктыярчыларга калтырган. Анда бул акылдуулар кайда эле? Эгемдүүлүктү билбегенден акыл сурап калдыңарбы деген имиш. Билип туруп керек болсо балдарыңдын атын алмаштырып айтып аласың кээде. Андай хайптар үчүн кечирим сурашып бүткөнбүз. Мынча чапташып эле калышты билбейм. Башкаларды дагы сүйүндүрүп талкуулап турсаңар. Күнөөлөрүн азайтып.

Мен эми башка Анжеликамын.
Үйрөнгөнүм өзүм учун, кылганым сиздер үчүн!!!
Чалынсам, үйрөнөм!!! Күндө аракеттенем! Айтам, жазам. Өзүмө-өзүм колдоо көрсөтүп , катталуучуларымдын оюн түздөйм. Аман болсом.
Себеби, акылсынгандар кооз гана сүйлөшөт . Өздөрүнүн башындагы чөпту карап коюшса. Мен ооз ачсу болсом майдаланып, анда сынасыңар! Оттобой, ойлонгула биринчи"
дейт ырчы айым.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter