У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Асан Мансуров: "Министрликтин өкүлдөрү Самара Каримованы окуу жайдын жамаатына тааныштырып жатат"


Ушу тапта, 15-январда  Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү  Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты менен тааныштырып жатышат. Бул тууралуу ырчынын жолдошу Асан Мансуров маалымат булактарына билдирди. 

"Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен өкүлдөр келишип, окуу жайдын эмгек жамаатына Самара Каримованы тааныштырып жатышат", - деди ал.

Эске салсак, Самара Каримова аталган окуу жайга мындан  3 жыл мурда директор болуп дайындалып, аны 3 күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кызматтан алып койгон.

Мындан улам Самара айым аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылып, соттон жеңип чыгып, окуу жайга барганда жамаат кабыл албай жатканы маалым болгон. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter