У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баян Акматов: “Арзуу ырларын жазып келгем, жазып эле жатам. Кимге жаздың деген суроолор берилбей койбойт...”


Төкмөлөрдүн арасында дүбүртү алыстан угулган, омоктой ойлору, куюлушкан саптары менен таанымал акын Баян Акматов бар. Баян мырза төкмөлүк менен эле чектелип калбастан мыкты жазмакер акын, мукамдуу обондордун автору жана таланттуу арткаруучу. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деген макал каарманыма куп жарашат деген ойдомун. Көп кырдуу талант менен баарлаштык.

  • Баян мырза, акынга жубай болуу эрдик деп билем. Жүрөк кылдарын черткен арзуу ырларыңызды укканда жубайыңыз кызганбай койбосо керек?
  • Туура айтасыз, чынында эрдик деп билем. Негизи акындардын мүнөзү, кыял-жоруктары башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Аны бардык эле акындардан байкап калам. Бир рамкага сыйбаган адамдардын түйшүгүн колдон талашуу татаал эле болсо керек деген ойдомун. Арзуу ырларын жазып келгем, жазып эле жатам. Кимге жаздың деген суроолор берилбей койбойт. Бирок акын бул темада эркин болушу керек деп азыркы күнгө чейин түшүндүрүп келебиз. (күлүп) Себеби кызганычтан, чек коюдан улам көптөгөн чыгармачыл инсандардын жакшы чыгармалары жаралбай калганын тарых тастыктап эле келет, көрүп, угуп жүрөбүз дегендей. Өзүңүздөргө маалым болгондой кайсы бир акындын том-томдоп жазган ырларын аялы отко жагып салган эмеспи. Ошол сыяктуу чыгамачыл адамга жубай болчу адам башынан жакшылап ойлонуп, агына-көгүнө чыдап жашаш керек деп ойлойм. 

  • Төрт тарабы төп келген ырлардын автору катары оюңузду уккум келет. Эмне себептен акыркы кезде маңызы жок ырлар хитке айланууда деп ойлойсуз? 
  • Текст жазууну кээ бирөөлөр оңой-олтоң эле иш катары кабыл алышат көрүнөт. Обонго текст жазууда дагы өзүнө тилек тилеп алган учурлар көп болот. Тагдырды каргап, ага таарынып ыр жазгандардын тагдыры чынында эле татаал болуп кеткен учурлар кездешет. Ырларында туура эмес саптарды кайра-кайра кайталап ырдай берип, ошонун айынан жашоосунда запкы тартка ырчылар өтө көп кездешет. Текст жазууда дин сабатынын болуусу өтө маанилүү. Себеби пенделердин оозунан чыккан ар бир сөз үчүн периштелер оомийин, кабыл болсун деп тураарын уксаңыздар керек. 

  • Кыргыздын “Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө” деген кеби бар эмеспи. Ошол сыяктуу ойноп ырдаса да ойлоп ырдашы керек. Чыгармачыл инсандардын тагдыры татаал болот, эмнеге андай тагдырга дуушар болгонун эч кимибиз анализдеп, талдай элекпиз. Туура эмес тексттердин, ар бир сөздүн маанисине терең маани берүү керек. Ал эми маанисиз ырлар тууралуу айта турган болсок, жогоруда айткандар аларга тиешелүү эмес го дейм. Сөз баккан адам маанисиз ырларды аткарбаса керек. Сиз айткандай маңызсыз ырларды аткарып жаткандар биринчи ирет ырларынын маанисине көңүл бурса, жаштардын табитин бузбаса дегим келет.

  •  
  • Айтыштарда дароо сөз таап, ыр курап кетүү билген адамга өтө оор түйшүк. Сөз таппай алдастап калган учурларыңыз болбой койбосо керек?
  •  Андай учурлар көп эле болгон, болуп эле келет. Кээде ырыңа анча   көңүл бурбаган чөйрөгө барып калганда эптеп эле ылдамыраак жыйынтыктап кетүүгө шашам. Ал эми “сууну сиңген жерге чач, сөздү уккан жерге айт” дегендей ырыма кулак салып сүрөп отурган жер болсо тимеле күнү-түнү отуруп, чекемден теримди чакалап төгүп ырдоого даярмын. Сөздү түшүнбөсө, ойлору башка жакта болсо, бийлик-байлыкты көксөп ыр эмне экенине маани бербеген жерлер болсо өзүмдөн өзүм  кысылып кетмей адатым бар. Ал эми эл колдоп, эргүү берип турган жер болсо дасыккан акын адашпайт, ого бетер эргип ырдайт.

  • Маектешкен Руркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter