У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Инстаграмды иш бөлмөгө айланткан ийгиликтүүлөр

Азыр мектептеги балдардан тартып, ардактуу эс алуудагы аксакалдарга чейин чөнтөк телефонго байланып калгандайбыз. Жаңылыктын баары ушул чөнтөк телефондо. Телевидениеден көрсөтүлүп жаткан жаңылыктарды ириде интнернеттен окуп алып, телевизор тиктеп жаңылык көрбөй калган заманда жашап жатабыз. Маалыматты тез жайылтуучу социалдык тармактардын жардамы менен ар бирибиз жаңы маалыматтарга кыйынчылыксыз ээ болуудабыз. Социалдык тармактардын арасында өзгөчө шоу бизнестин өкүлдөрү өзгөчө басым менен колдонгон тармак бул инстаграм. Инстаграмда жөн эле отура бербей жеке ой жүгүртүүлөрү, ички турмушу, ичкен-жегени, ырлары, баскан-турганы, кызыктуу маалыматтары менен бөлүшүп кыргыз эстрадасынын көпчүлүк өкүлдөрү элдин көңүлүн өздөрүнө буруп, катталуучулардын санын көбөйтүшөт. Катталуучуларынын санына жараша эбин таап бизнес кылып жаткан миллионер жылдыздарды тизмектедик. 

“№1 миллионер Самара Каримова миллионерлигин майлап...”



Эске салсак, Кыргызстанда биринчи жолу миллионер аталган инстаграм колдонуучусу бул Самара Каримова болгон. Ал башкалардан айырмаланып эң алгачкы миллионер болгондугун майлап жакындарын, чыгармачылыктагы сапарлаштарын, күйөрмандарын чакырып атайын сый тамак берген. Бардык жакындары жапатырмак куттуктоо узатышып, реалдуу турмушта да миллионер болуусун каалашкан. Ырчы баракчасы аркылуу чыгармачылыгы, жеке турмушу, ийгиликтери менен тынымсыз бөлүшуп турат. Катталуучуларынын көптүгүнөн улам баракчасы аркылуу жарнама кылууну каалагандардын да саны арбын. Ырчы байма-бай түрдүү компаниялардын товарларын жарнамалап турат. Учурда анын катталуучуларынны саны 1 миллион 800 миң адамга жетти.

“№2 миллионер ар иштин майын чыгарган Анжелика...”



Самара Каримовадан кийин көп өтпөй эле кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү экинчи миллионер айымга куттуктоолорун жаадырып башташкан. Ал ар иштин майын чыгара аткарган ырчы айым Анжелика. Ырчы учурда бир гана ырчылыгы менен таанылбастан алып баруучу, ишкер айым, саякаттоочу , блогер жана муктаждарга кол сунган боорукер айым катары да таанылып келет. Ал баракчасы аркылуу жеке турмушу, чыгармачылыгы, саякаттоо, ийгилик сырлары, бизнес кылуунун жолдору, жардамга кол сунган боорукерлиги тууралуу маалыматтарын байма-бай жарыялап турат. Анжеликанын баракчасы аркылуу өз продукцияларын, эмгектерин жарнамалагысы келген компаниялар арбын экенин баракчасы аркылуу тынымсыз жарыяланган жарнамалардан баамдоого болот. Учурда ырчынын 1 миллион 600миңден ашуун катталуучулары бар.

“Миллионер айымдардын сап башында Асел Кадырбекова да бар...”



Кайсы гана кийим сатуучу бутиктердин баракчаларына баш бакпа Асел Кадырбекова кийип чыккан кийимдерди сөзсүз сатууга аракет кылышат. Анткени ырчы айым өзгөчө стили, сымбаттуу келбети, жарашыктуу кийим-кечеси, колдонгон косметикалары, айтор чыгармачылыгынан да жеке турмушу, жашоо-шарты кийим-кечеси менен жаштар арасында өзгөчө популярдуу. Кыздардын көбү Асель кийген кийимдерди кийгилери келгенин ар бир жарыялаган постунда суроо узаткандарынан эле баамдоого болот. Асел чыгармачылыгы, жеке турмушу, ийгилик сырлары менен тынымсыз катталуучурана бөлүшүп турат. Катталуучуларынны саны учурда 1 миллион 600 миңден ашты.

“Элдин боорун эзген Элдана Сатыбалдиева”



Жаштар арасында өзгөчө популярдуу блогер Элдана Сатыбалдиева. Элдана эл инстаграмды жакшы түшүнө электе эле эң көп катталуучу топтогондордун башында турчу. Анын биринчи баракчасы хакерлер аркылуу өчүрүлүп, экинчи баракчасы учурда миллион катталуучуга жеткени калды. Ал кыскача күлкүлүү вайндары аркылуу атактуу болгон. Өзгөчө стили, вайндары, ийгилик сырлары менен тынымсыз бөлүшүп турат. Элдананын баракчасы аркылуу да көптөгөн компаниялар өз өндүрүштөрүн жарнамалап турушат...

“Эпчил жигит Эмил Эсеналиев”



Жакында эле миллинерлердин катарына тамашоучу, куудул, актер, блогер Эмил Эсеналиев да кошулду. Эмил кыскача тамашалуу видеолору, ийгилик сырлары менен тынымсыз бөлүшүп турат. Инстаграм Эмил үчүн ийгиликтүү киреше булагы экендигин анын тынымсыз жарнамалык роликтеринен, тамашалуу вайндарынан баамдоого болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter