У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садык Шер-Нияз менен Айбек Дайырбеков жазган "Дарак ыры" тасмасынын сценарийи мыкты деп табылды


Айбек Дайырбеков режиссёрлук кылган "Дарак ыры" тасмасы Орусиянын Чебоксары шаарында жакында эле жыйынтыкталган XIII эл аралык кинофестивалда "Мыкты сценарий" номинациясын жеңип алды. Бул туралуу режиссер өзү маалымат булактарына сүйүнчүлөдү.

"Ар бир режиссёр өздөрүнүн тасмаларын абройлуу кинофестивалдарга жөнөткөнгө аракет кылышат. Биздин тасмабыздын фестивалдык турмушу жакшы башталган десем болот. Чоң фестивалга барганда эле атайын адистер ошол жактан жакшы тасмаларды тандап алышып, анан өздөрү чакырышат. Биздин тасманы дагы башка фестивалдардан көрүшкөн экен. Алар бизге кат жолдошуп, кинобузду жөнөтүүнү суранышты. Биз интернет аркылуу жөнөттүк. Тасма негизги сынактык программага катышты. Эң башкы сыйлык Гран-при, андан кийин мыкты режиссёр анан эле мыкты сценарий наамы. Сыйлыкты мен жалгыз алган жокмун. "Дарак ырынын" сценарийин Садык Шер-Нияз байкебиз экөөбүз жазганбыз. Экөөбүзгө бир берилди. Ал эми сыйлыкты пандемияга байланыштуу биз өзүбүз барып ала албай калдык", - деп билдирди Айбек Дайырбеков.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter