У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгынын урматына "Жайнаков жумалыгы өткөрүлөт"


"Жайнаков жумалыгы өткөрүлөт" Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу Апаз Жайнаков көзү тирүү турганда быйыл 6 - мартта 60 жашка чыкмак. Бирок, шум ажал аны 2013-жылдын 9-октябрында арабыздан алып кеткен. Залкар обончунун атын алып жүргөн Баткен облустук музыкалык-драма театрынын чыгармачыл тобу алп таланттын туулган күнүнө карата эскерүү концертин берүү алдында турганда өлкө боюнча карантин жарыяланып токтоп калган. Мына ошондон бери тилекке каршы маданий иш чараларга эл чогулууга уруксат бериле элек.

Ошондуктан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен Баткен облустук музыкалык-драма театры тарабынан 16-ноябрдан 22-ноябрга чейинки аптаны "Жайнаков жумалыгы" деп жарыялаганын театрдын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков билдирди. Анын айтымында бул онлайн иш чара республика боюнча өткөрүлөөрүн, ага каалаган адамдар катыша ала турганын айтты.

Катышуу үчүн эрежелер:
I.    А.Жайнаков атындагы Баткен областтык музыкалык-драма театры залкар обончу А.Жайнаковдун 60 жылдыгын белгилөө максатында 2020-жылдын 16-ноябрынан 22-ноябрына чейин «Жайнаков жумалыгын» онлайн түрдө өткөрөт.
II.    «Жайнаков жумалыгына» республика боюнча баардык өнөр адамдары катыша алат жана жаш өзгөчөлүгү чектелбейт. III.    Катышууну каалагандар видео түрүндө #Жайнаковжумалыгы хештегин колдонуп, өзүнүн интернет баракчаларына жайгаштырып, Баткен театрынын социалдык желелерин белгилеп коюусу керек.

1.    А.Жайнаковду эскерүү.
 2.    А.Жайнаковго арналып жазылган акын-жазуучулардын ырларын көркөм окуу.
3.    А.Жайнаковдун обондорун музыкалык аспаптарга салып ойноо.
4.    А.Жайнаковдун обондорун музыкалык аспаптарда ырдоо.
5.    А.Жайнаковдун обондорун эстрада жанрында ырдоо.  

Суроолор үчүн: 0557906089, 0709016006.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter