У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Альбина Имашова: «Азыр чарчоо дегенди билбей иштей турган кезибиз»

Төгөрөгү төп келишкен актрисалардын катарында Альбина Имашова да бар. Качан көрсөң кумурскадай иштеп жүргөнүн баамдоого болот. Карьера менен катар үй-бүлөсүн бирдей алып бара жаткан таланттуу айым менен маек курдук.

- Альбина айым, кирип келген 2020-жыл сизге ийгиликтүү жылдардан болсун. Узап бараткан жыл  баамдаганыбызга караганда сиз үчүн жемиштүү болду окшойт?
- Рахмат, узап кеткен жылыбыз мен үчүн өзгөчө жыл болду десем жаңылбайм. Анткени жылдын башталышы  сыйлыктар менен башталган, аягына чейин жакшылыктар менен коштолду. Ар бир жыл эмес, ар бир  күнүбүз тарых эмеспи, андыктан өтүп кеткен жылдагы окуялар мен үчүн тарых болуп калды дегим келип жатат.  

- Сыйлык тууралуу сөз кылып калдыңыз, акыркы жылдары мамлекеттик сыйлыктарды баш кылып көптөгөн сыйлыктарга ээ болуп жатасыз. Сезимдериңиз менен бөлүшсөңүз?
- Чынында сиз айткандай театрда болобу, кинодобу, айтор акыркы убакта ийгиликтердин саны арбып жатат буюрса. Бул канча жылдан бери талыкпай иштен келе жаткан эмгектин үзүрү го деп ойлойм. Канча жыл деп картайып калгандай айтпайын, бирок аздыр-көптүр театрда 17-18 жылдан бери иштеп келе жатам. Акыркы жылдары эмгегибиздин  акыбети акырындан кайта баштады десем аша чапкандык болбостур. Эмгегиң бааланып жатса сөзсүз түрдө толкундануу болот экен, эмоцияга бай сезимдерге курчалат экенсиң. Сыйлыктарды алып жатканда ичиңде айтып бере алгыс, өзгөчө сезимдер дүйнөңдү ээлеп алат экен. Ушундай сезимдер үй-бүлөмдө, өзүмдө, кесиптештеримде да көп болсо экен деп тилейм.

- Качан көрсөк кайдадыр шашып, тынымсыз иштеп жүргөнүңүздү көрөбүз. Шаардын суетасынан, иштен чарчаганда баарын жыйыштырып эс алган күндөруңүз болбой койбосо керек?
- Шаардын  суетасы биз үчүн көнүмүш эле адат болуп калды. Иштен чарчай турган убак болот, бирок азыр биздин иштей турган, болгон дараметибизди сахнада болобу, кинодо болобу чача турган, көрсөтө турган убагыбыз. Ошондуктан азыр чарчоо дегенди билбей болгон күчүбүздү ишке, ийгилик алып келгенге,  жеңиш жаратканга жумшап жаткан кезибиз.

- Иш менен катар үй-бүлөнү да бирдей алып бара жаткан ийгиликтүү айым катары билебиз. Үйдө да жакшы кожойке болсоңуз керек. Кайсы ашканананын тамактарын мыкты жазайсыз?
- Тамактарды укмуш жазайм деп айта албайм. Бизде Ысык-Көлдө кургак кесмени көп басабыз. Бул үй-бүлөлүк жактырган тамактарыбыздын сап башында турат десем болот. Негизи камыр тамактарды көбүрөөк жазайм.

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter