У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алгалай бер Азамат! Мурдагы министр Азамат Жаманкуловду урмат-сый менен узатышты


Мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловду министрликтин борбордук аппараты сый-урмат, ага арналган ыр менен шаңдуу узатышты. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. 


"Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери экс-министр Азамат Жаманкуловду сый- урмат менен узатты. Анда, министр Нуржигит Кадырбеков  Азамат Жаманкуловго мындан аркы иштерине ийгилик каалап, кандай гана иш берилбесин, аны чоң жоопкерчилик менен аткарып кеткендигин баса белгиледи.  

"Азамат Капарович Маданият тармагындагы жасалып жаткан ар бир ишке маани берип, аны майын чыгара иштеп, жогорку көрсөткүчтөргө жете алды. Бул көрсөткүч  менен мамлекетибизде  өз ишин мыкты билген жаш жетекчилер бар экендигин далилдеп койду",-  деп билдирди министр Нуржигит Кадырбеков.

Ошондой эле мурдагы министрге арналып жазылган ырды да жарыя кылышты.

Жаш министр Азамат!
Кыргыз Республикасынын 
Маданият, маалымат жана туризм экс-  министри
Жаманкулов Азамат Капаровичке
Жазуулар сымал таштагы,
Жасалган иш көп арттагы.
Көзүңдө жайнап иштедиң,
Маданияттын асманы.
Кайырма: 
Жалыны күчтүү жаш канат,
 Жаш министр Азамат.
 Тарбиялуу жүрөгүң,
 Тарыхыбызда сакталат.
Көөдөнгө тынчтык бербеген,
Көп ишти кылдың эл менен.
Дүйнөнү кезип келди элек,
Көп тилди билген сен менен.
Кайырма: 
Дүбүртү күчтүү жаш канат,
 Дүйнөлүк инсан Азамат.
 Иш көзүн билген өнөрүң,
 Ишибизде сакталат.
Өткөрүп көчмөн оюнун,
Жандырдың үмүт толкунун.
Кайчылаш жылдар бизде азыр,
Чыңдады элдин достугун.
Кайырма: 
Жалыны күчтүү жаш канат,
 Жаш министр Азамат.
Өлкөнү сүйгөн жүрөгүң,
Жүрөгүбүздө сакталат.
Келечегиң алдыда,
Алгалай бер Азамат.

Эске салсак, Азамат Жаманкулов 2018- жылдын 24-октябрында эң жаш өкмөт мүчөсү катары дайындалып, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигин 2 жыл жетектеген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter