У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мирлан Самыйкожо: "Биздикилер Капарованын жетегинде жетим көпөлөктөй айланып-тегеренип калышыптыр"


Акын Мирлан Самыйкожо КТРКдагы учурдагы абал тууралуу үн катты. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

Урматтуулар! (Эми бери карагыла дечү беле. Силерге бир кызык жомок айтып берейин.) 
КТРКдагы орун талаш боюнча билдирип койойун. Минтпесем минги кылып алчудайсыңар. (12.10.20. күнү кечинде өз милдетимдин аягына чыгып мыйзамдуу жагына өткөрүп бергениме эки күн болду. Кечээки эфирлерге мен жооптуу эмесмин байболгурлар.)

1. Кыскача айтканда, эң алгач мамлекет мыйзам талаасынан чыгып кетти... Ошондон пайдаланып КТРКны белгилүү бир саясий партия көчкү түшкөндөй басып калды. Ким баса калса астында жата бергенге көнүп калган биздикилер ошол партиядан келген, КР жогорку кеңешинин жетинчи чакырылышына талапкер Ч. Капарованын жетегинде жетим көпөлөктөй айланып-тегеренип, акырын жылып, айтканын кылып. Тилин жутуп жүгүнүп, тизелери бүгүлүп. Эси чыгып күбүлүп, эт-бетинен жүгүрүп эфирлерин даярдап калышыптыр. Башкы директорубуз болсо ээлик кылбай көшөрүп, эки колун көтөрүп багынып берип, бар оокатын терип, төшөнчүсүн көтөргөн төркүнчүл келиндин кейпин кийип калыптыр. Ал кишиге КТРКнын системалык блогунан да компютеринин системалык блогу зарыл экен. Кабинетин таң атпай эле жылаан сыйпагандай жыйнаштырып салганга да үлгүрүптүр. Таң калыштуу. Ушунча да коркобу жарыктык Жайнак мырза. Сырттан душман кирсе да сыр бербей турган ЖИГИТ го деп ойлогом! Жайнак мырзанын ишмердүүлүгүндө кеп жок. Муну калыстык үчүн айтышым керек. Жакшы иштеп жаткан. Пландары деле мыкты болчу. Билимдүү, көп нерсеге терең көз караштары бар. Мен бул жетекчини конкурска катышып жаткандан бери эле колдоп, иштешип келе атканбыз. Бирок, ушул кылганын, тактап айтканда таштай качканын мен эле эмес башка кесиптештерибиз да кечире албас.. Эми берки эжебизге келели. Ал эжебиз эфирди алып барып жатып кандидат экенин кооз чымчык сайрагандай эле, өтө угумдуу кылып кайталап айтып эфир алып барып атты. (дагы деле эфир сакталуу) Эфирди экөөбүз алып бардык. Эфирге аны менен чогуу чыкканым, коллективдин духу түшпөсүн дедим. КТРКнын ичиндеги алып баруучулар менен журналисттер кырылып кала элек болгондон кийин бирөөбүз чыгып туралы дедим окшойт да.
2. Бир убакта кинодогу Американын солдаттарындай болуп, көчкү түшкөндөн кийин келип калган КТРКнын ишине көзөмөл кылган "Байкоочу кеңеш" деген чогулуптур дегенди кулагыбыз чалды. Алардын беш мүчөсү азыркы дейбизби же мурунку дейбизби президенттин, беш мүчөсү чимкирик парламенттин, бешөөсү коомдон келген кыйындар. Жалпы 15 адамдан турган "опол тоодой орчундуу" кеңеш. Булар чогулары менен КТРКнын башкы директору Жайнак Усен уулу "жылаан чагып, жылкы тээп" ийе электе эле  өз каалоосу менен арызын жазып кетип калды. Эртең менен эфирге кирип баратып кетпеңиз деп айткам. Башкы редакторлор менен администрация дагы кетпеңиз деп өтүнүшүптүр. Бирок, директор өзү чебелектеп чечим кабыл алып кызматынан кетти. Аны эч ким кубалап чыккан жок. Мына анан башталды! Билектерин түрүнгөн байкоочу кеңештин мүчөлөрү 11добуш менен алеки заматта Башкы директордун арызын кабыл алуу чечимин чыгарды. Шымаланып турган "баскынчылар" эфирдеги эжебизди кеңештин кеңсесине киргизип, байкоочуларыбызды кошо басып алышыптыр. Мындай чечимдер чыгып, КТРК башы жок чабандестей болуп калгандан кийин коллектив калдакдатып, далдактатып кеңешке алып киришти да кырдаалды көзөмөлгө алуу милдетин мага арта салып, кандидатурамды көрсөтүштү. Ошентип Ч. Капарова экөөбүздүн фамилиябыз эки тараптан айтылып, тиреш башталып калды. Анда-санда бир көрүнгөн байкоочу кеңеш ошондо деле келбей турса болмок. Аларсыз эле бул иш аягына мындай ызы-чуусу жок чыкмак.
3. "Кереметтүү" кеңештин кеңсесинде кеп талаш башталды. Оор абалды ойлобой орун талаш башталды. Ары кетип, бери келип атып Ч. Капарованын өз сунушу менен Ала Тоо24 каналына жибере турган болушту. Ал жерде белгилүү, тажырыйбалуу журналист Сюита Соурбаева мыйзамдуу иштеп жаткан. Мага болсо зам директорлук орунду сунуштай калышты. Зам директордун бири камгактай учуп күйүп, желектей желпилдеп азыр эле ордун бошотуп, куйругун түйө тургандыгын айтып ийди. Ал сунушту кашайып кабыл алган жокмун. Анткени менин максатым кресло эмес болчу да. Бул оюмду азыркыга чейин деле түшүнө алган жоксуңар. Башкы директордун ордун көздөп жатат деп ойлогондор болду. Ойлогондордун оозунан Алласы түшүп, азыркыга чейин ак ит кирип, кара ит чыгып атыптыр. Менин чыныгы максатым КТРКнын имаратына, кымбат баага турган техникалык жабдыктарына зыян келтирилбеши жана эфир үзгүлтүккө учурабашы болчу. Кудай сактап "Элдик кошуундун" жана коллективдеги суу жүрөк эмес, чыныгы эр жүрөк азаматтар менен коргоого алып турдук. 
4. Ошентип, ойду-тоону сүйлөп огунан чыгып көнүп калган, көрүнгөндүн үй-бүлөлүк чатак  арызына чейин кароого активдүү,  башка колго аларлык сунуш айта албаган, КТРКнын жамааты менен жакын эмес, тескерисинче көрүнгөнгө басып берген байкоочу кеңеш өздөрүнүн ичиндеги бир мүчөсү, Улуттук китепкананын учурдагы директору, илимпоз Бакашова Жылдыз эжени ошол эле башкы директорду кетирген11 добуш менен КТРКнын директорунун м.а. кылып чечим чыгарышып чамгерек түшкөн бойдон Ала Тоо24 каналына сапар ала турган болушту. Бул учурда, эшиктеги партиянын талапкерин колдоочулар менен мени колдоп турган коллективдин астына Ч. Капарова экөөбүз үлпөтүбүз өтүп аткансып жетелешип чыктык да Капарова 24каналына, мен башкы дагы орун басар директор дагы эмес өзүмдүн ордумда эле иштеп каларымды айтып эки тарапты тынчтандырдык. 
5. Көрсө анык кызык али баштала элек экен. Түштөн ооп калганда түгү бетине чыгып акыйкаттык издеген ЭЛ келди. Каарданып катуу келип атышты. Алардын талабы эфирди калыс чыгаруу болду. Эшиктин алдынан түз эфир берүүнү чечтик. Алгач КРнын Гимнин ырдатып анан сырттагы түз эфирди баштадык. Кеч куруун дагы бир күргүштөгөн ЭЛ келди. Аларды да тамагыбыз айрылганча кошо кыйкырып атып тосуп алдык. Эфир бердик. Бир убакта КТРКнын баягы байкоочу кеңеши бар экени тууралуу сөз айтышып. Аларды кетиш керек деген талап коюп сыртка чыгуусун суранышты. Ооба, алгач алар суранышты. Чыкпай жатканда анан катуулап талап кылышты. Акыры алар чыгышты. Арасында Башкы директордун милдетин аткаруучу Ж. Бакашова да чыкты. Бирок, жыйынтыгында ЭЛ менен тил табыша алышкан жок. ЭЛ да кабыл албай койду. Кеткиле дешти. Кетишти. 
6. Байкоочу кеңеш кетип атканда баягы Капарова каалаган Ала Тоо24каналынын башкы редактору баштаган жалпы жамаат келишти. Көрсө алар иш таштайбыз, Капарованы кабыл албайбыз деп келишиптир. Анан эмне кылабыз? Коллектив кабыл албаса, Сизди кабыл алган байкоочу кеңешти да ЭЛ кабыл албай кетирип ийишти деп, Чынара эжебизди да жолго салдык. Ал да кетти. Мына анан баары менден көрүп калышты. ЭЛдин талабын менин кызыкчылыгыма айлантышты. Бирок, антсе дагы элдин айтканын туура көрдүм. Анткени, Капарова бир партиядан келсе, бир аздан кийин андай партиянын алтымышы бар. Алар да бирден кишисин алып келсе. Байкоочу кеңештин бешөө президенттин, бешөө беш башка партиянын сунушу менен келгендер болуп турса кантип калыс пикир бере алмак элек? Ойлонуп көрүңүздөр. Ошол күндөн тарта беш күн бир дагы саясий лидерди эфирден чыгарбай, элдин ынтымакка, биримдикке чакырган үндөрүн берип аттык. Митингдерди да бирдей кылып тең берүүгө өттүк. Өлкөбүздөгү кырдаалды объективдүү чагылдыруу менен ЭЛдин ишенимине кирдик. Нааразы тарап болгон жок. КТРКнын мүлкү, техникалык жабдыктары зыянга учураган жок. Эфирди үзгүлтүккө учураткан жокпуз. Калыс иш алып бардык. А мен болсо Башкы директордун милдетин аткаруучу эмес, убактылуу жетектөөчү координатор болуп турдум. А баса, ал ортодо өлкөдө тынчтык өкүм сүрө баштаганда биздин Башкы директорубуз Жайнак Усен уулу келинчегин ээрчитип келип алыптыр. Аны айрымдары колдогону менен калгандары "Кыйын мезгилде таштай качып кайра кантип келдиң? Арызыңды жазбай турсаң бир жөн, ордуңа Ж. Бакашова милдетин аткаруучу. Мыйзамга да туура келбейт." - деп киргизбей коюшту. Ага да мен күнөөлүмүнбү? Чындыгында элдин айтканы туура болчу. 
7. Мамлекетибиз мыйзам талаасына кирип, баары калыбына келе баштады. Мыйзамдуу мамлекетте жашагандан кийин, мыйзамды биз да сыйлаганды билебиз. Кечээ КТРКнын байкоочу кеңеши чогулуп жыйын кылалы десе буларда да кворум дегени болбой тарашты. Бирок, мыйзамдуу 11добуш менен шайланган КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Жылдыз Бакашовага эми иштей бериңиз деп мендеги убактылуу жетектөөчү координаторлук милдетимди жыйынтыктап баарын толук бойдон өткөрүп бердим. Эми, КТРКнын Байкоочу кеңеши тез арада конкурс жарыялап, мызамдуу түрдө Башкы директорду тандашын күтөбүз. Түшүнгөндөргө жана түшүнгүсү келбегендерге айтып кетейин. Мен эч кимден кызмат талашкан жерим жок. Мага баарынан ЭЛдин ишеними баалуу! Ушул убакытка чейин бирөөнүн этегине намаз окуп, кошомат кылып же бирөөгө таянып кызматка барган жан эмесмин. Кудайдын буйругу менен гана эмгек кылып келем. Мени туура түшүнө алдыңыздар деп ойлойм. Кыскасы ушундай. Баарыныздарга рахмат!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter