У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азамат Болгонбаев: «Биз жаштар бир аз топуктуу болуп, дымагыбызды токтото билсек…»


- Саламатсызбы? Суроону КТРКнын байкоочу кеӊешинин төрагалыгынан кетүүӊүз туурасында баштасак. Төрагалыктан өз каалооӊуз менен кетип жатканыӊызды айткансыз, ошондой болсо да кеӊештен кетүүгө бир себептер болсо керек?
- Саламатсызбы, байкоочу кеӊеш коомдук жумуш. КТРК тууралуу мыйзамында байкоочу кеӊештин функциясы, тартиби, аткара турган иштери туурасында толук жазылган. КТРКга биринчи шайланып келген байкоочу кеӊеш ички регламентти бекиткенде «Байкоочу кеӊештин төрагасы бир жылда алмашып турат» деген эреже киргизишкен экен. Ошол эреженин негизинде бизде жыл сайын төрага алмашып турат. Үчүнчү мөөнөткө төрага болуп Жыпар Жекшеев шайланган. Ал кызматын таштап кеткенден кийин 3-4 ай төрага жок, убактылуу төрага менен иштедик. Андан кийин мен төрага болуп шайландым. Февралда төрагалык милдетке кириштим. Мартта пандемия башталып калды. Ошондон улам көп иштер жасалбай, сунуштар аткарылбай калды. Чынында КТРК коомдук телекөрсөтүү деп аталганы менен мамлекетке көз каранды. Анткени ал мамлекет тарабынан каржыланат. Мыйзамда да мамлекет тарабынан каржылана турган коомдук канал деп бекитилген. Албетте, кандайдыр бир сунуштарды киргизүүдө биз ал жерде иштеген кызматкерлерди да эске алып жаттык. Көпчүлүгүбүз КТРКда капчыктуу байлар иштегендей кабылдайбыз. Андай эмес. Ал жерде деле биз сыяктуу карапайым журналисттер, чыгармачыл адамдар иштешет. Алардын да экономикалык, социалдык колдоолору болуш керек. Мына ушул нерселерди эске алуу менен биз өзүбүзгө берилген милдеттерди аткарууга болгон аракеттерибизди көрдүк. 
  
Жаӊы жетекчи шайланып келгенде «КТРК жөнүндө коомчулукта терс пикирлер абдан көп. Саясаттан алыстап, ички эрежелердин негизинде иш алып баралы. Аз болсо да калыстыкты кармайлы, КТРКга болгон элдин көз карашын жакшы жакка буралы» - деп экөөбүз кыргызча эле убадалашып, иштешкенге аракет кылдык. Саясий кырдаалда теӊ салмактуулукту кармоого болгон күчтү жумшадык. Бирок бул мактанаарлык деӊгээлде эмес. Жасала турган иштердин алгачкы эле кадамы болчу. Тилекке каршы, пандемия башталып кетип көп сунуштар аткарылбай калды. 
 
Ал эми төрагалыктан кеткенимдин негизги себебине токтоло кетсем, байкоочу кеӊеш коомдук жумуш болгону менен саясатка баш салууга туура келет экен. Ошондуктан өз каалоом менен арызымды жазып кеттим. Себеби саясатка баш-отум менен сүӊгүп кирип аралашып кетүү азырынча эртелик кылат деп ойлойм. Байкоочу кеӊеште иштеп турганда дайыма оппозицияда болдум. Калыс болууга, талаш-тартыш маселеде чындык тарапта болуп өз көз карашымды, пикиримди билдирип келдим. Кийин төрага болгондо өз позициямдан тайбай, каршы пикиримди айтып турдум. Биздин жыйындар коомчулукка жарыя болбогондуктан ким кандай иштегени билинбейт, ошондуктан элге эч нерсе кылбагандай эле көрүнөт экен.  Болбосо талаш-тартыш маселелер абдан эле көп болот. Үч жыл ичинде көп эле ачуу сөздөр айтылып, пикир келишпеген учурлар көп болду.

-Байкоочу кеӊеш КТРКнын ишинде теӊ салмактуулукту сактоого жардам бере алат бекен, деги эле ушул кеӊештин кереги барбы?
-Байкоочу кеӊештин кереги барбы-жокпу деген суроо КТРКнын мыйзамын өзгөртүү менен чечилет деп ойлойм. Анткени 2010-жылдагы кырдаалдан кийин коомдук канал кылып өзгөртүп, коомдук болгондон кийин демек аны көзөмөлдой турган коомдук институт болсун деп байкоочу кеӊешти түзүшкөн. Мыйзам боюнча байкоочу кеӊеш ошондой институтту түзсө болот. Бирок кеӊеште адамдык фактор деген болот эмеспи. Байкоочу кеӊеште 15 адам бар. Анын айрымдары бийликтин сөзүн сүйлөшү мүмкүн, дагы бири өздөрү шайлаган ЖКнын фракцияларынын сөзүн сүйлөйт дегендей. Коомдук кеӊеште элдин сөзүн сүйлөп, каршы пикирди коомчулук тарабынан шайланып келгендер гана билдире алат экен. Маселен, 2017-жылы президенттик шайлоодо бийликтин талапкерлеринен башка талапкерлерге каралоо аябай катуу жүрдү. Биз, байкоочу кеӊештин үч мүчөсү жыйын өткөрөлү, КТРКнын жетекчисине калыстыкты кармагыла, ашыкча каралоолор жүрүп жатат деген өз сунушубузу айтып коелу деп, байкоочу кеӊештин мүчөлөрүн жыйынга чогулта албай койгонбуз. Албетте, мыйзам боюнча адилетсиздикке каршы турса болот, тилекке каршы адамдык фактор ал нерсени ишке ашырбайт экен. 

- Саясатка аралашуу азырынча эртелик кылат деп айтып калдыӊыз, бирок келечекте сизди саясаттан көрүп калат окшойбуз?
- Бизде жаштар деген тенденция пайда болду, мен ушул нерседен алыстагым келди. Азыр биз саясатта жаштар деген нерсеге аябай басым жасап алдык. Албетте, жаштардын да арасында мыктылары бар. Бирок саясатка аттанган жаштардын баары эле мыкты болуп, мамлекетти сүйрөп кете албайт экен. Өз тармагында мыкты болгон башка, саясатта, жетекчилик кызматта мыкты болуу такыр башка экен. Тилекке каршы, көпчүлүк жаштарда калыстык, уюштуруучулук, чечкиндүүлүк, иштин көзүн көрө билген сапаттар жок. Дүйнөдөгү бараандуу мамлекеттердин көбүнүн эле жетекчилери жаштар эмес экенин көрүп эле жатабыз. Мамлекеттик кызматта мыкты болуу адамдын жашынан эмес, көрөгөчтүгүнөн, калыстыгынан, тазалыгынан көз каранды го деп ойлойм. 
 
Биз жаштар бир аз топуктуу болуп, дымагыбызды баса билесек. Азыр социалдык тармактарда аты чыгып калгандардын баары эле депутаттыкка талапкер болуп, жок эле дегенде аким болом деп жатышат. Биз деӊгээлибизди “Фейсбук” менен ченеп алып эле ар кайсы кызматка жулуна бербей, кырктын кырынан баштап, элүүнүн этегине барганча турмуштук тажрыйба топтоп, билим алып, өзүбүздү ар тараптан өстүрсөк дейм. Учурда билим менен тажрыйбага басым жасаган жаштар аз, көбү эле амбиция менен чыгып алышкан. Ушундай жаштарды көрүп дымагымды токтотуп, окуп, өзүмдү ар тараптан өстүрөйүн деп чечтим. Негизи дүйнөдө деле, Кыргызстанда дагы акыркы 29 жылда маданият тармагынан барган саясатчылар кадыресе тазараак болду. Буга Дооронбек Садырбаев мыкты мисал боло алат. Мыкты маданият өкүлдөрүн, мыкты маданият ишмерлеринин келечекте саясатка барышын чын дилден каалайт элем. Алар таза, мыкты саясий ишмер боло алат деп ишенем. Өзүм да аракет кылам.  «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет» дегендей, менин музыкалык эле билимим бар. Саясатка бараардан мурда окуп, билим алайын дегем. Шартка байланыштуу шар эле окуп кетүүгө мүмкүн эмес экен. Бирок 50 жашка чейин билим алам деп жатам. 

- Кечиресиз, сизде азыр депутаттыкка барууга мүмкүнчүлүк болдубу?
- Эми бир аз болсо да атым чыгып калды. Бирөөнө кошомат кылып, бирине жагынып, бирине багынып, бирин этектесем деле бир жерге барып алам. Куру дымак менен барып алып отура берген деле уят экен. Ошол үчүн окуп, өнөрүмдү өстүрөйүн деп жатам. Себеби ушул кезге чейин айтышка чыгып айтышып койгонум эле болбосо, чоӊ чыгармаларды жаздыра элекмин. Өз алыма жараша тарыхта кала турган чоӊ чыгармаларды жаздырып, турмуштан сабак алып, тажрыйба топтоп, окуп, өсүп анан саясатка кадам таштайын деген оюм бар.    

- Пандемия кыргыз элине, маданиятыбызга чоӊ жоготуу алып келди. Ал жоготуунун сап башында төкмө акыныбыз Элмирбек Иманалиев турду. Төкмө акындардын арасында анын орду азыр да жоктолуп, араӊыздар бөксөрүп турса керек?..
- Биз быйыл орду толгус жоготууга учурадык… Азыр да арабыз бөксөрүп, ордун жоктоп турабыз. Ал жоготуунун орду качан толот аны айтуу кыйын… Менимче, анын ордун акындар эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли жоктоп жатса керек. Анткени ал элдин жүрөгүнөн орун алган, улуу-кичүүнүн сыйына, урматына татыган тулпар эле. Эскерүүдөн башка айла жок…  

Мени өкүндүргөнү азыркы парламентке депутат болуп бара жаткан талапкерлердин, мамлекет жетекчилердин маданиятка жетишээрлик деӊгээлде көӊүл бурбаганы. Маданий иш-чараларда, деги эле керек учурда гана маданият кызматкерлерин эстеп, калган учурда унутта калып кеткенибиз, башка тармактарга олчойгон каражат бөлүнүп, маданият тармагына жарыбаган каражат бөлүп, тоокко жем чачкандай жем чачып койгонуна, эӊ аз айлыкты маданият кызматкерлери алганына ичим күйүп кетет. Качан маданиятка көӊүл буруп, качан курсагыбызды эмес, көөдөнүбүздү тойгузабыз, качан материалдык байлыкты эмес, руханий байлыкты баалайбыз деген суроо менин жан дүйнөмө тынчтык бербей келет. Ыраматылык Элмирбек устатымдын өкүнгөнү, кейигени, санаасы да ушул эле.  
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter