У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айбек Саралаев, ырчы: «Шайлоого алаксып, ооруну деле унутуп калдык окшойт»


-   Коронавирус пандемиясынан ар бирибиз өзүбүзчө жыйынтык чыгарып сабак алдык окшойт. Сиз пандемиядан кандай сабак алдыӊыз?
- Ооба, алты ай элибиз башынан оор күндөрдү өткөрдү. Чоӊ жоготууга учурадык. Калктын каймактарынан, таланттарынан, асыл адамдарынан айрылдык. Ошол кыйынчылыктарга карабай бири-бирибизге кол сунуп, жардамга чуркадык. Бирибиздин көз жашыбызды бирибиз сүртүп, бири-бирибизди сактадык. Ушундай оор күндө элдин биримдиги, ынтымагы мени кубандырды. Берешен, эл дегенде ичкен ашын жерге койгон мыктылардын көптүгү кубандырды. Ал эми пандемиядан алган сабак туурасында айтсам, баарыбыз эле адамга биринчи ден соолук керек экенин, жерибизде тынчтык, элибизде аманчылык болсо баары болот экенин билдик окшойт. Эӊ башкысы жакындарыбызды, деги эле адамдарды баалап-барктап, тирүүсүндө урмат-сый көрсөтүп, жакшы сөздөрүбүздү айтып жетишип калышыбыз керектигин түшүндүм. Ушул оорудан кийин биз мамиле деген баалуулукту, ортодогу сыйды, адамдын кадыр-баркын, ордун баалай билип, биринчи орунга адамды койгонду үйрөнүшүбүз керек деп ойлойм. Башкалар үчүн кандай билбейм, бирок мен ар бир адамдын жакшы жагын көрүп, учурунда баалап, сыйлап алууга болгон аракетимди көрүп, элимдин амандыгын, жеримдин тынчтыгын эле самап калдым. 
- Пандемиядан кийин эле парламенттик шайлоо элдин кызуу талкуусун жаратууда. Бул жолу бир топ ырчылар депутаттыкка аттанып, кайра талапкерлигин алып салышты. Ырчылардын депутат болушуна кандай карайсыз?
-   Ырчылардын саясатка аралашуусуна эч кандай терс пикирим жок. Ырчы депутат болсо болбойбу? Албетте, болот. Ар бир нерсенин өз учуру болот. Учуру келгенде, адам өзүнө ишенсе, ошол барган тармакта ишти алып кетээрине көзү жетсе депутат эмес, министрлик кызматка да барса болот. Биздин парламентте буга чейин маданият өкүлдөрүнөн депутаттар болгон. Алар жакшы иштеп, эл таламын талаша билген. Ошол себептен азыр да өнөр адамдары Жогорку Кеӊешке барса жаман болбойт деген ойдомун. Негизи эле мен татыктуу адамдардын пикирин, чечимин сыйлайм. Ал адам кайсы тармактан болбосун, иштин көзүн билсе колдош керек. 
- Бирок ошол эле ырчылар кайра талапкер болуудан баш тартышты, мунун себеби эмнеде дейсиз?
-Эми бул жерде саясатчылардын саясаты болуп калды окшойт. Ырчылардын арты менен добуш алууну көздөгөн партиялар да болбой койбойт экен. Бул жолу деле айрым партиялар ушундай ыкманы колдонууну көздөп, тизмесине ырчыларды кошуп, эл чогулган жерде аларды ырдатып, элдин көӊүлүн бурдурууну каалашкан. Ырчылар жөн гана саясий курал экенин, алардын тизмеде арткы орундарда турганынан эле билсек болот. Арткы орундагылар депутат боло албайт. 5 жылда аларга кезек деле келбейт. Ошондуктан ырчылар өз учурунда талапкерлигин алып салып, шайлоого барбай тургандарын айтышты деп ойлойм. 
- Сизге да белгилүү партиялардан сунуштар түшкөнүн угуп калдык, сыр болбосо кайсы партиялардан сунуштар түштү?
- Азыр социалдык тармактарда «чакурук түштү» деген сөз тамашага айланып, көп адамдарга кайсы бир партиялардан сунуштар түшүп жатканы айтылууда. Анын сыӊары мага да сунуштар болду. Депутат бол, алдыӊкы орунга киресиӊ дешти. Бирок мен алардын сунушунан баш тарттым. Эми кайсы партиялардан сунуш түшкөнүн айтпай эле коеюн. Убакыт өткөндөн кийин бул партиядан сунуш түшкөн болчу деп айтуу туура эмес болуп калат го. 
-  Көпчүлүк жаштар алдыӊкы тизмеге кире албай жатса, сиз сунуштан баш тартыпсыз, депутат болгуӊуз келген жокпу?  
- Албетте, эл өкүлү болуп элге кызмат кылсам деген тилегим бар болчу. Бирок коронавирус илдети максаттарды өзгөрттү. Себеби шайлоого даярдык башталган кезде вирус жуктуруп алып ооруп калдым. Башында үйдө дарыланып, жакшы боло албай дарыгерлерге кайрылдым. Рентгенден эки тараптуу пневмония болуп калганым аныкталды. Ооруп калгандан кийин шайлоону да унуттум. Анын үстүнө элибизде чоӊ жоготуу болду. Канча адамдан айрылдык. Алардын арасында жакын санаалаштарыбыз да болду. Эч нерсеге көӊүл чаппай калды… Мына ушул нерселерден кийин тынч эле театрда иштей берейинчи дедим. Учуру келгенде, бышып жетилгенде саясатта да өзүмдү сынап көрөөрмүн. 
- Ырчылардын көпчүлүгүнүн кирешеси тойлор экени жалпыга маалым. Тойлордун токтоп калышы сизге кандай таасир этти?
- Пандемия жалгыз эле ырчыларга, чыгармачыл адамдарга эмес, бүтүндөй адамзатка өзүнүн таасирин тийгизди. Чек аралардын жабылуусу, карантин бир топ ишкерлердин ишин токтотуп, натыйжада чоӊ-чоӊ компаниялар жабылып, канча деген адамдар жумушсуз калды. Алардын арасында чыгармачыл адамдар да бар. Себеби маданий иш-чаралар токтоп, театр, кинотеатр, концерт залдары жабылды. Ал жерде иштегендер үйдө отуруп калдык. Баарыбызга эле кыйын болду. Айла жок, ден соолук, өмүр баарынан кымбат. Аман болсок, тойлор болот, акча табылат. Азыр ден соолугубуздун чыӊдыгына, элибиздин амандыгына, оорунун азайганына шүгүр дейли… Бирок азыр көп адамдар шайлоонун шайтан оюндарына алаксып, ооруну деле унутуп калдык. Болбосо мындан эки ай мурда эле оор жоготууга учурап, жаныбызды сактап калууга жандалбастап жаттык эле. Пенде экенбиз да…
- Пандемия чыгармачылык эргүүӊүздү ойгото алдыбы, деги эле акыркы алты айда кандай чыгарма жарата алдыӊыз?
- Акын болбогондон кийин чыгарма жаза алган жокмун. Бирок чыгармачыл жаатта жакшы идеялар пайда болду. Карантин болуп, оору күчөп жаткандыктан ал идеяларды ишке ашыра албадым. Буюрса, абал турукташып калды, эми мыкты акындар менен иштешип, идеяларды ишке ашырууга аракеттерди көрө баштайбыз. Мындан сырткары жеке концертимди берүүгө да даярдык көрөйүн деп жатам. Мындан беш жыл мурда тушоо кесүү концертимди бергем. Кайра беш жылдан кийин отчеттук концерт берсемби дегем. Тилекке каршы, вирус ал пландарды токтотту. Кудайым буюрса, тынччылык болсо 21-жылы элиме мыкты концерт тартуулайм.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter