У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлзайыр Сагынова, ырчы: «Комузду оӊой жана аз убакыттын ичинде үйрөнсө болот»


- Мениче, сиз саясаттан алыс болгоӊуз керек? Бирок жаран катары шайлоого барасызбы, деги эле партиялардын убадаларына ишенесизби?
-Саясат кир чөйрө деп эсептейм. Ошол себептен саясаттан алыс болууга аракет кылам. Партиялардын убадаларына ишенбейм. Ошондуктан буга чейин шайлоолорго барып добуш берген эмесмин. Бирок бул жолу шайлоого барам, баарына каршы деп добуш берем деген чечим кабыл алдым. 
- Карантин учурунда комуздан онлайн сабак өтүп жаттыӊыз эле, жыйынтык чыктыбы?
- Онлайн сабакты карантин учурунда эмес, ага чейин эле өтүп келчүмүн. Болгону карантинде көбүрөөк көӊүл бурулуп калды жана окучуулар да көбөйдү. Менден алгач алыскы жакта жүргөн жердештерибиз онлайн комуз үйрөтүүмдү суранганда баш тартчумун, анткени менин тажрыйбамда болбогондуктан, кандай жыйынтык болоорун так билчү эмес элем. Бир күнү менин бир катталуучум дагы суранып калды, анан бул комуз үйрөнүү бир гана кыялы эмес, атасынан калган элес экенин баяндап бергенде баш тарта албадым. Мен мындай сунуш киргиздим, 2 жума байкап көрөлү, эгер жыйынтык көрө алсак улантабыз, болбосо менин колумдан келгенин кылдым дедим. Окуучум бул сунушка бир четинен таң калганын айтты, анткени мурда атайын онлайн комуз курсуна жазылып, бирок үйрөтпөй жок болуп кеткен экен. Биз бир жуманын ичинде жылыш байкадык. Анан сабакты уланттык. Ошентип акырындан окуучулар топтоло баштады. 
- Канча окуучуга комуз үйрөтө алдыӊыз?
- Азыркы убакта мен окуучуларым онлайн сабак аркылуу комуз аспабын үйрөнүп кетээрине 100 % кепилдик бере алам жана дүйнөнүн көп өлкөсүнөн 100дөн ашуун окуучуларымдын жыйынтыгы бул сөзүмө далил болуп бере алат. Албетте бул жетишкендикке 7 жылдан ашуун устаттык тажрыйбам гана эмес, башка билимдеримдин негизинде жетиштим.
- Комузду баары эле үйрөнө алабы же шык керекпи?
- Буга чейин комузду жөндөмү барлар гана үйрөнө алат деп ойлочумун. Өзүм иштеп чыккан методика аркылуу комуз үйрөнүүнү каалагандарга үйрөтө алам. Албетте, шыктуулар бат өздөштүрүп кетет. Ал эми шыгы жоктор аракеттин, туура багыттын негизинде 100 пайыз үйрөнүп кете алат. 
- Аралыктан окутууга кандай карайсыз? Аралыктан окутууда окуучулар жетиштүү билим ала алабы?
- Аралыктан окутууга көз карашым түз, мага жакты. Себеби буга чейин да мен аралыктан иштөө боюнча атайын курсттарды өтүп келем. Ошондуктан аралыктан толук кандуу билим алууга мүмкүн деп айта алам.
- Тойго барчу белеӊиз? Тойлордун токтогону сизге кандай таасир этти?
- Пандемия жалгыз эле тойлордун токтоосуна алып келген жок. Көптөгөн ишканалардын, өндүрүштөрдүн ишин аксатты. Мунун запкысын дүйнө эли тартып жатат. Ал эми жеке өзүм жөнүндө айтсам, тойлордун токтогону мага көп деле таасир эткен жок. Себеби убакыттын тартыштыгынан улам тойлорго көп чыкпай калгам. 
-Тойлордун токтогону чыныгы таланттардын чыгуусуна жол ачат деп ойлойсузбу?
- Жок, мен мындай ойдон алысмын. Чыныгы таланттардын өсүп чыгуусуна тойлордун таасири деле болбойт. Себеби өсөм деген талант эч качан убактылуу каражатка байланбайт. Ал адам дайыма изденүүнүн үстүндө, чыгармачылык менен иштейт. Тойлор болсо убактылуу гана каражат табуучу булак болуп саналат. Тойдо ырдоо менен тажрыйба топтоп, чыгармачылык жактан өсө албайсыӊ. 
- Акыркы убактарда жаӊы чыгармалар чыкпай калды. Бул да пандемияга байланыштуу болду окшойт. Кандай чыгарма жаратсам дейсиз?
- Пандемияга чейин эле, турмушка чыккандан кийин чыгарма жарата элекмин. Буга өзүмдөгү өзгөрүүлөр себеп болду окшойт. Ырдап чыгуума жолдошум деле каршы эмес, тескерисинче колдоп турат. Азыр мен чыгармачылыкка эмес, билимге басым жасап, убактымды билимимди өркүндөтүүгө жумшап жатам. Билим алуу менен бирге жаӊы ыр да жаздырып, жакынкы күндөрү буюрса күйөрмандарымды жагымдуу ырым менен кубандырам.  
-Ар бир эле чыгармачыл адам шакирт даярдасам дейт. Сиздин шакирттериӊиз барбы?
Чыныгы комузчу, залкар устаттардан сабак алганыма жана өзүм дагы шакирт даярдап жатканыма сыймыктанам. Менин шакирттерим көп. Буга сыймык кылам жана дагы көптөгөн шакирттериме татыктуу тарбия берүүгө аракет кылам.
- Онлайн комуз үйрөтүүдөгү коюлган бааны кымбат дегендер да болду. Буга кандай жооп айтасыз?
- Автордук программа, автордук методика менен сабак өтөм жана ар бир окуучу менен жеке иштейм. Бир айдын ичинде 2-3 күүнү толук ойноп чыкканга 100 пайыз кепилдик берем. Эгер ошол аралыкта эч нерсе үйрөнө албаса акчасын кайтарып алса болот. Бирок мындай нерсе менин практикамда боло элек, эгер боло турган болсо мен акчаны кайтарып берүүгө даярмын. Албетте, мындай нерсенин болушуна жол бербегенге аракет кылам жана менин окуучуларым бир айда 100 пайыз жыйынтык көрсөтө алышат. Ошондуктан комуз үйрөнөм, жыйынтык чыгарам дегендер үчүн бул баа кымбат эмес.  
- Ошондо комузду аз убакыттын ичинде эле үйрөнсө болот экен да ээ?
- Комузду оӊой жана аз убакыттын ичинде үйрөнсө болот. Муну менин окуучуларым бүгүнкү күнгө чейин тастыкташууда. Сиз жашыӊызга, жөндөмүӊүзгө карабай бир айдын ичинде жыйынтык чыгара аласыз деп ишенимдүү айта алам. Болгону каалоо жана эмгек керек.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter