У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жолдошбек Жанжигит уулу иштен кетти, ордуна Темирлан Сманбеков келет…

М.Рыскулов атындагы Нарын областтык музыкалык драма театрынын директору Темирлан Сманбеков Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрына жетекчи болуп которулуп келүүдө. Жаңы жетекчи эртең коллективге тааныштырылат. Сманбеков Нарын театрында 2017-жылдан бери эмгектенип келе жаткан.


 
Ал эми Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрына жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу М. Рыскулов атындагы Нарын областтык музыкалык драма театрынын директору болуп кетип жатат. Жолдошбек мырза Жаштар театрын 2018-жылдан бери жетектеп келген. 


 
Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү, аны мезгил көрсөтөт. Мындай ротацияга Темирлан Сманбековдун ден соолугу себеп болгону айтылууда. Сыягы, аба ырайы катаал тоолуу аймакта иштөөгө чыдабай койгон окшойт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter