У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жыпара Таштанова, ырчы: «Арзан пиар менен ат жасагым келбейт»


Жыпара Таштанова, ырчы:

«Арзан пиар менен ат жасагым келбейт»

- Сахнага кадам таштаган ырчынын баары бат эле атакка жетип, атын чыгаргысы келет. Сен өз күйөрмандарыңды таба алдыңбы?

- Ооба, атактуулук ар бир ырчынын кыялы. Бирок атак бат эле келе бербейт. Ал үчүн жакшы чыгармаларды жаратуу керек. Ыр элдин эсинде калып, жүрөгүнөн түнөк табышы зарыл деп билем. А арзан пиар менен ат жасоого мага жакпайт. Деле жашоомдо ушактын, кара пиардын арты менен ийгиликке жетишким келбейт. Андай нерсе адамды алыска алып барбайт. Мындай нерсе атыңды гана булгайт, башка пайдасы жок. Эл оозуна алынган мыкты ырларың болбосо жеңил пиар менен сени эл кандай бат тааныса ошондой бат унутат. 

- Айрым ырчылар бат эле эл оозуна алынып кетет, айрымдар жылдап эмгек кылса да аты чыкпай келет, мунун сырын сахнага аралашкандан кийин биле алдыңбы?

- Ийгилик кээде адамга күтүлбөгөн жерден жылмайып калат эмеспи. Дегеним, жаңы сахнага кадам таштап жатканда ырчынын багына жакшы ыр туш болуп калышы мүмкүн. Ошол ыр менен атын чыгарып алат. Азыр мындай көрүнүштөр көп эле кездешип жатат. Бир ыр менен элге таанылып жаткан ырчылар бар. Бирок айрымдар гана андан ары чыгармачылыгында ийгилик жаратып кетпсе, көп ырчылар бир мыкты ырдан кийин көпкө чейин жакшы ыр таба албай убара болуп калып жатышат. Анткени ал ырчыдан эл дайыма мыкты ырды күтүп калат экен. Ошондуктан акырындык менен башталган чыгармачылык тепкич да жакшы окшойт деп калдым. Ийгиликке жетүү үчүн иштеш керек.  Эмгек кылсаң үзүрүн көрөсүң. 

- Азыр интернет өнүккөн заманда ырчы болуш оңой эле болуп калды дегендер да жок эмес, интернеттин сага жардамы тийип жатабы?

- Жаш ырчылар үчүн интернет пайдалуу болсо керек. Себеби алардын күйөрмандары, угармандары жаштар болгондуктан интернет аркылуу ырларын угуп, чыгармачылыгы менен тааныша алат.   Ал эми улуу муунга арналган чыгармаларды элге жеткирүүдө теле- радионун ролу чоң. Анткени улуу муундагылар интернеттен ыр укпайт  эмеспи. Маселен, мага интернеттин, социалдык тармактардын көп деле пайдасы тийген жок. Мен дагы деле ырларымды жаздырып телеге, радиого берем. 

- Азыр кыргыз эстрасына кандай жанр керек деп   ойлойсуң?

- Менимче, азыр биздин эстрада жанрдын бардык түрү бар. Ким кандай ыр уккусу келсе уга алат. Себеби ырчылар абдан көп, каалган жанрда ырдап, ыр жаздырып жатышат. Бирок акыркы убактарда биз жеңил ырларга, башкача айтканда той ырларына көбүрөөк басым жасап кеттик. Баарыбыз эле тойго ылайыктуу ырларды жаздырып, салмактуу, олуттуу ырлардан алыстап калдык. Бул менимче жакшы эмес. Биз салмактуу, маани- маңыздуу ырларга басым жасап, репертуарыбыздан олуттуу ырларга көбүрөөк орун беришибиз зарыл деп эсептейм.

 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter