У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Замир Арыкбаев: “2 ыр ырдап 500 доллар алып кетиш үчүн да ошончо эмгек кылыш керек...”


Чыгармачыл чөйрөдө өз орду, эл арасында өз күйөрмандары бар таланттуу ырчылардын бири Замир Арыкбаев. Кандай чыгарма жаратпасын өзгөчө күч жумшап, жаңычылдык менен элге тартуулап келет. 



  • Замир мырза, өзүңүз деле баамдап жатсаңыз керек, ырчы аттуулар көбөйгөнү менен маани-маңызы жок, чала жан ырлар да кошо көбөйүп кетти. Мына ушундай чыгармалардын арасында классикага айланган “Аста секин колукту” сууга куйган майдай эле бөлүнүп калгандай. Аталган чыгармага кайрылууңуздун себебин билгим келип жатат...

  • Бул эми классикага айланган, Насыр Давлесов деген кыргыздын бактысына жаралган залкар адамдын көкүрөгүнөн чыккан чыгарма эмеспи. Өзүңүздөргө маалым болгондой, “Аста секин колукту” абдан чоң чыгарма. Дал ошол опереттанын ичиндеги Сапарбайдын ырын жаңылап ырдадык.  Кичинекей кезимде пластинкадан бул ырды көп укчумун.  Бала чагымдан жан дүйнөмдү ээлеген, жактырган чыгармам болгондуктан, көптөн бери эле ырдасам деп жүргөм. Убакыт сааты азыр келген окшойт, кудайдын буйругу менен ырдап чыктык. Бул ырды биздин ата-энелерибиз, биз курактуу инсандар билгени менен жаштардын көбү билбейт экен. Жаңы ыр сыяктуу элестетип жатышат.   Керек болсо Насыр Давлесовду тааныбаган жаштарыбыз көп экен. Бул нерсени социалдык тармактардан байкадым. “Бул кимдин ыры”, “ушундай да ыр болмок беле”, “кантип болсун” деген пикирлерди көп окудум. Ошол ыр аркылуу ата-энеси чоңойгонун билишпейт экен. Жаштардын баары эмес албетте, менин баамымда жыйырма беш жаштан жогорку муун билсе керек, андан жашыраактары такыр эле билишпейт көрүнөт. Клип негизинен аябай жакшы тартылды. Идея таланттуу режиссер, актер Эркин Эгенбердиевге таандык. Эркин бардык идеяны сунуштап, режиссерлук кылса, клипмейкери Бекзат Маманов болду. Биргелешип мыкты клип жаратышты деген ойдомун.

  • Эптеп эле элге таанылып алсам деп хайп жаратып же болбосо маанисиз ырларды кайра-кайра жаздырып хитке айланта берген кесиптештериңизге көз карашыңыз кандай? 

  • Сиз маанисиз ырлар көбөйдү деп айтып жатпайсызбы. Азыр чынында жашоонун нугу өзгөрүп кетти. Тынымсыз жаңы чыгарма жаратып туруш керек. Аткаруучу деген аябай көп. Жакшы чыгармаларды жапатырмак аткарып чыга берип, алар да түгөндү. Анан эмне кылышат, жаңы чыгарма аткарууга, жаратууга туура келүүдө. Ыр аткарып чыкпасаң элдин эсинен чыгып, унутта каласың. Унутулуп калбайын деп шашып жасаган иш үчүн ушундай чала, иштелбеген сиз айткандай ырлар көп жаралып жатат окшойт деп ойлойм.   Анын үстүнө бизде акындар азыраак. Ыр жазып бер десең эле мына деп жазып бере салбайт. Алар да толгонушу керек, эргүүнү күтүш керек. Баары эле акын, композиторлор менен иштеше албай калып жатышат. Азыркы чыгып жаткан жаш ырчылардын,  кесиптештердин ишине жакшы баа берем. Аракет кылып жатышат, изденүү күч. Буюрса ошол инсандар да жакшы чыгарма жаратат деген ойдомун. Бирок чынын айтсам ошол сиз айтып жаткан маанисиз ырларды деле уккан, жакшы кабыл алган муун бар. Так аныктама берүүгө мүмкүн эмес. 

  • Айрым профессионал музыканттардын эгер атактуу болбосоң профессионал экениңдин кымындай да пайдасы жок экен, аспаптарда күүлөрдү, классикалык чыгармаларды жандуу аткарып той-топурларда болгону 5000 сом алсак, жылдыздар келип фонограмма менен 2 ыр ырдап 500 доллар алышат деп нааразы болуп калгандарын угуп калам. Бул көрүнүшкө кандай көз караштасыз? 

  • Профессионал музыканттарыбыз чынында көп. Бирок билесизби, профессионал музыканттар менен таанымал ырчылардын ортосунда бардык жагынан чоң айырма бар. Бирок эл деген баары бир атактуу адамдарды тоюна чакыргысы келет экен да. Профессионалдарды да баалаган адамдар аз эмес. Негизи мындай нааразычылык мурдатан эле болуп келе жатат. Өзгөчө тамадалар эмне үчүн биз 6 саат боюу тикебизден тик туруп той алып барсак, булар келип 10 мүнөттүн ичинде 500 доллар таап кетет деп нааразы болуп келе жатышат. Ар бир кесиптин жолу ар башка, ошол себептен бири-бирине атаандашпаш керек деп ойлойм. 10 мүнөттө ошончо тыйын таап кеткен ырчы ошол деңгээлге жетиш үчүн канай гана жолдон өтпөдү дейсиз. Таанымал ырчы болуш, элге жагыш деле оңой иш эмес. Чынында бирөөнүн ырыскысын аңдып, санаган туура эмес. Ошо эле профессионал музыканттар да атактуу болушсун. Эч ким алардын колун байлап артка тарткан жери жок деп ойлойм. Өзүнүн өнөрүн элге таанытуунун жолун издеш керек деген ойдомун. Болуптур окуду, атактуу ырчы деле окуп билим алды дегендей. Атактуунун баары эле музыкалык кат-сабаты жоюлган дегенден да алысмын, арасында нукура таланты бар бирок музыкалык билим албай атактуу болгондору да бар. Бул эми өтө опурталдуу, так аныктама бере албай турган   маселе. Негизинен кудайым кимдин маңдайына кандай нерсе жазса ошону көрөт турбайбызбы. Фонограмма менен 2 ыр ырдап 500 доллар алып кетиш үчүн да ошончо эмгек кылыш керек деп ойлойм. Мен чынында эч кимге көз артып эч кимдин ырыскысын санабайм.
  • Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter