У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жеке ишкер Мирбек Райымов Күмөндөр Абыловго аккордеон белек кылды


Жеке ишкер Мирбек Райымов Күмөндөр Абыловго аккордеон белек кылды. Бул тууралуу жеке ишкер өзү жазып чыкты.

"Күмөндөр Абылов агабыздын бул талантын билбептирмин. Куудул экенин билчүмүн. Көрсө көп кырдуу талант экен. Досторум менен тоого барсак, Күмөндөр байке ошол жакта эс алып жүрүптүр. Баарыбыз кубандык. Төргө отургузуп сөзүн уктук. Күлдүк, жыргадык. Бир маалда Кубанычтын аккордеонун алып укмуштуудай ойноп кирди. Балдар, тиги ырыңыз, бул ырыңыз деп сурап атышты. Көрсө байкебиз чоң обончу дагы экен. Сөз арасында аккордеонунун жок экени да айтыла кетти. Мындай таланттуу инсандар атайын да суранбайт эмеспи. Дароо эле аккордеон алып берейин деп айттым. Мен Күмөндөр байкенин талантын мурдагыдан да күчтүү сыйлап калдым. Бар болуңуз кыргыздын таланттуу уулу!" деп жазды Райымов. 

Ал эми Кыргыз Республикасынын эл артисти Күмөндөр Абылов мындай деп жооп калтырды:

"Урматтуу эл-журт! Ушул кубанычымды силер менен бөлүшкүм келди! Кимге кандай экенин билбейм, Атайбек жезде Рыспай акебизди мисал келтиргендей, аккордеон белекке алуу мен үчүн да үй, машина белекке алгандан жогору белек болду! Мирбектер келип, аккордеонду тапшырганда да ушул сөзүмдү айткан элем. Чынында, туура түшүнгөн кишиге, өнөрдү баалаган кишиге "Аккордеон", "Комуз" дегендер, өзгөчө, баа жеткис дөөтүлөр эмеспи!... Мындайча айтканда Мирбек, менин биртике өнөрүмдүн өркүндөшүнө чоң көмөк көрсөтүп, эл алдында менин жоопкерчилигимди чоңойтуп, көбөйтүп, шыгыма шык кошуп кетти десем туура болоор! Эки күндөн бери эсиме келе албай, кантип мактанаарымды билбей жаттым эле! "Иши оңолоодун ити чөп жейт" демекчи, "Мирбектей балдары бар элибиздин да иши оңолуп, элибиздин эртеңи оң жолго түшүп, ылайым эле өнүгүп- өсчү мезгилибиз келген чыгаа - деп жорудум!... Мирбекке болсо, кандай алкыш айтсам да, өзүм алымсынбай турам!  Мирбек баатыр! Эч нерседен кем болбой, өркүнүң өсүп, өмүрүңө Кудайым береке берсин! Сендей азаматтар көп болуп, ойлогон максаттары орундалып, элибиздин мүдөөсү ишке аша берсин! Мага жакшы каалоо-тилек айткандарга терең ыраазычылыгымды билдирем! Айтканыңар келип, баарыбыздын ишибиз оңолуп, бирге бололу! Мен баарыңарды жакшы көрөм!" дейт эл артисти. 

Эскертели, Мирбек Райымов буга чейин акын Мирлан Самыйкожого жол тандабас унаасын белек кылып, элдин алкышын алган эле.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter