У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Көп кырдуу талант Нурканбек Турсунбаев 80 жашка толду


Бүгүн, 15-июлда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңриген артисти Нурканбек Турсунбаев 80 жашка толду. бул тууралуу анын кесиптештери маалымдашты. 

"Театрыбыздын аксакал актеру, КР эмгек сиңирген артисти, көп кырдуу талант ээси, эл сүйгөн талант Нурканбек Турсунбаев агабыз бүгүн, 15-июлда 80 жашка толду! Нурканбек ага! 80 жаш торколуу тоюңуз, кутман курагыңыз кут болсун!!!Сизге бул дүйнөнүн бардык жакшылыгын, чыгармачылык эргүү, бекем ден соолук каалайбыз! Жүгүрүп жүрүп 100гө чыгыңыз!" деп куттукташты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жамааты.

Нурканбек Турсунбаев 1940-жылы 15-июлда Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Чаек селосунда колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1947-жылы Чаек орто мектебинде окуп, 1958-жылы Чаек орто мектебин аяктаган. 1960-жылы Ташкент шаарындагы Н.А.Островский атындагы театралдык көркөм институтуна, карындашы Таттыбүбү Турсунбаева менен бирге окуп, 1966-жылы институтту ийгиликтүү аяктап, ушул жылдан баштап Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы драма театрында иштеп келе жатат. Турсунбаев эл сүйгөн жүздөгөн обондордун автору, обончу-композитор.  1966-жылдан бери СССР Театр Ишмерлер, Кинематографисттер, Композиторлор   союздарынын мүчөсү.

Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Академиялык, Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын сахнасында  50 жылдан ашуун убакыт аралыгында  100 дөн ашуун Кыргыз Улуттук Классикасынан Дүйнөлүк Классикага чейинки каармандардын образдарын эң жогорку  деңгээлде   элдин купулуна толо аткарып, алкышка ээ болуп келүүдө. Театрда актерлук чеберчилик менен  гана чектелип калбастан, 30 жыл чамасында гастролдук   иштерин эң мыкты  уюштуруучулук менен жетектеп, учурундагы пландарды ашыгы менен аткарып, театрдын материалдык базасын чыңдоого  эбегейсиз салым кошкон.

Киноактер катары 1961-жылкы Кыргыздын эң алгачкы көркөм түстүү   кинофильми болгон  “Жородогу”   башкы каарман  Мусанын ролунан баштап, ушул күнгө чейинки Россия – Кыргыз Казакфилмь киностудиялары чыгарган 15тен ашуун  фильмдерде башкы каармандардын   образдарын эң жогорку деңгээлде жаратты. 300 дөн ашуун  кинофильмдердин дубляж-котормолорунда катышты.  

Кыргыз  Цирк искусствосуна кошкон салымы өзүнчө тарых. 1961- жылкы Жаныбеков жетектеген Кыргыз Циркинин эң алгачкы “Канаттагы комузчулар” программасынын автору жана машыктыруучусу. Кыргыз Цирки бул программа менен 56 жылдан бери  Дүйнөлүк Аренага  чыгып келүүдө. 500гө жакын ашык обондуу  ырлардын автору.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter