У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алтын үндүү Николай Басков


“Аскер кызматкеринин уулу”
Опера жана эстрада ырчысы Николай Басков 10 жашынан тарта чыгармачылыкка аралаша баштаган. Болочоктогу жылдыз аскер кызматкери менен математика мугалиминин үй-бүлөсүндө туулган. Уулунун таланты  бар экендигин байкашкан ата-энеси Николай 5 жашка толгондон тарта музыкалык билим берүүнү туура көрүшкөн. Атасы аскер кызматкери болгондуктан бир жерде туруктуу жашаган эмес. Ошол себептен ар кайсы жерде көчүп-конуп жашап жүрүп, балдары да түрдүү шаарларда чоңойгон. Николайды болсо кайсы гана шаарга барышпасын музыка мугалимине тапшырышкан. 1986-1992-жылдары ырчы жаш актёрлор музыкалык театрынын курамына кошулуп, алар менен дүйнөнүн АКШ, Франция, Израиль, Швейцария сыяктуу өлкөлөрүн кыдырып чыккан. 

“Окуусун алтын медаль менен бүтүргөн”
Басков учурда Орусия шоу бизнесинин жаркыраган жылдызы. Кайда барбасын артынан ээрчиген күйөрмандары бура бастырышпайт. Ал мындай ийгиликке оңой эле жете калган эмес. Жашынан өтө тырышчаак, кылам дегенин кылган бала болгонун маектеринде ар дайым айтып жүрөт. Коля 1996-жылы Гнесин атындагы Орусия музыкалык академиясынын опера бөлүмүнө тапшырат. Окуусун кызыл диплом менен аяктап, кийин Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынан аспирантураны алтын медаль менен бүтүргөн. Ошол эле учурда Николай спорт менен машыгууну да унутпастан, сууда сүзүү боюнча 2-разряддагы спортчу болууга үлгүргөн. Канчалык өз талантын таптаган сайын жыйынтыгы оң чыгып, 1999-жылы “Карузонун элесине” аттуу ыры популярдуулукка жетишет. Бул чыгарма “Европа плюс” радиосу жүргүзгөн хит-параддын биринчи орунун бир нече жумалар бою эч кимге бербестен кармап турган. Миллиондогон нускада чыгарылган бул ырын камтыган Николайдын “Арноо” аттуу альбому күйөрмандар арасында талашка түшкөн.

“Опера ырчыларынын  тарыхына жаңылык киргизген”
Басков Орусиянын опера ырчыларынын тарыхына жаңылык киргизип, «эң жаш опера ырчысы» деп да аталган. Анткени ал чыгармачылыкка өтө жаш чагынан аралашкан. Анын чыгармачылыгында продюсери Борис Шпигелдин салымы абдан зор. Шпигель өз ишин ошол учурдагы Басковдун эң популярдуу чыгармасы “Карузонун элесине” аттуу ырына клип тарттыруу менен баштайт. Андан кийинки эл баалаган чыгармалары биринин артынан бири жарык көрө баштайт. “Жылдын мыкты ырчысы”, “Овация”, “Алтын граммофон”, “Жылдын стили” жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси болууга жетишет. Мындай ийгиликтерге жетишүүсүнө продюсеринин эмгеги чоң экендигин ырчы жашырбай айтып келет.
 
“Продюсеринин кызына баш кошкон”
 Продюсери менен өтө жакын мамиледе болгонун Басков аны кайын ата кылып алганынан билсе болот. Шпигелдин жалгыз кызына 2001-жылы баш кошкон. Тойду болуп көрбөгөндөй шаң менен өткөрүшкөн. Эки жаш бир топ жылга чейин балалуу болуу чечимин артка жылдырып отуруп, 6 жылдан кийин гана уулдуу болушкан.



Уулунун аты Бронислав.  Бирок уулдуу болгондон кийин эле түгөйлөр ажырашуу чечимине келишкен. 2008-жылы түгөйлөр расмий түрдө ажырашкан. Ошол убакыттан бери Басков мен атактуу деген айымдардын көбү менен мамилеси жакшы экенин коомчулукка жарыялап келе жатат. Ырчылыктан сырткары өзүн актер катары да сынап жүргөндүгү белгилүү. 


Фабула Пресс


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter